2026-жылдын 11-февралынан тартып ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө киргизилет
16.01.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына 2026-жылдын 11-февралынан тартып ЕАЭБде эки же андан көп мүчө-мамлекеттердин аймагы аркылуу жүргүзүлгөн жүк ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбалар колдонула баштай тургандыгын билдирет.
19.04.2022-ж. «ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну» ишке ашыруунун алкагында «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук оператору болуп аныкталган. Көзөмөлдөө улуттук оператордун мониторинг жана талдоо борбору тарабынан күнү-түнү режимде маалыматтык системаны жана жүк бөлүктөрүнүн кулпулоочу түзүлүштөрүнө орнотулуучу навигациялык пломбаларды пайдалануу менен ишке ашырылат. Бул транспорт каражаттарынын жүрүү маршуртуна көзөмөл жүргүзүүнү жана штаттан тышкары кырдаалдарга ыкчам чара көрүүнү камсыз кылат. Оператор тарабынан навигациялык пломбаны орнотуу жол-жобосу 15 мүнөттөн ашпайт.
2026-жылдын 11-февралынан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларын, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик актылары менен аныкталган товарлардын айрым категорияларын ташуу милдеттүү түрдө көзөмөлгө алынат. Кийин өз ара соода жана ЕАЭБдин бажы жол-жоболорунун алкагында ташылган бардык товардык позицияларды навигациялык пломбалар менен этап-этабы менен камтуу каралган.
Навигациялык пломбаларды киргизүү жүк ташуулардын ачыктыгын жогорулатууга, контролдоо жол-жоболорун кыскартууга жана автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу жүктөрдү жеткирүү убактысын кыскартууга багытталган.
ТЭИнин катышуучулары үчүн кошумча маалыматтар Мамлекеттик бажы кызматынын жана «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын расмий интернет-ресурстарында жайгаштырылат. Консультациялар улуттук оператордун колл-борборунун 1205 бирдиктүү номери аркылуу берилет.