«Адистештирилген окутуу» бажысында эл аралык кинологиялык семинар өттү
08.06.20260
Мамлекеттик бажы кызматынын «Адистештирилген окутуу» бажысында «Кызматтык иттердин унаа транспортторунан баңгизат каражаттарын издөө көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча практикалык сабакты уюштуруунун жана өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү» деген темада окуу-практикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин Укук коргоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын комитетинин Кинологиялык ишмердүүлүк маселелери боюнча жумушчу тобунун иш планына ылайык уюштурулду.
Семинардын ишине Борбордук бажынын (Россия ФБКнын Кинологиялык борбору) жана Россия ФБКнын Домодедово бажысынын кинолог-адистери катышты. Практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар кызматтык иттерди даярдоонун заманбап ыкмаларын карап чыгышты, ошондой эле табигый үлгүлөрдү колдонуу менен баңгизат каражаттарын издөө алгоритмдерин иш жүзүндө аткарышты. Семинардын жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.



.jpeg)
