Адистештирилген окуутуу бажысында коопсуздук маданияты боюнча окуу курсу өткөрүлдү

24.09.20260

Адистештирилген окутуу бажысында АКШнын Энергетика министрлигинин Тынч океандын түндүк-батышындагы Улуттук лабораториясынын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын көмөктөшүүсүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан «Коопсуздук маданияты» темасында окуу курсу өткөрүлдү.

Окууга Кыргыз Республикасынын радиологиялык коопсуздук чөйрөсүнө тартылган мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Курстун жүрүшүндө катышуучулар радиологиялык коопсуздукту камсыз кылууда адам факторунун жана уюштуруу маданиятынын таасирин, ошондой эле тескөө жана коопсуздук маданиятын өз алдынча баалоо ыкмаларын карап чыгышты.

Окутууну радиологиялык коопсуздук жаатында көп жылдык тажрыйбага ээ АКШнын улуттук лабораторияларынын эл аралык эксперттери өткөрүштү.

Курстун жыйынтыгында катышуучуларга эл аралык үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.