«Бажы» электрондук документ жүгүртүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн адистерди сыйлоо

19.01.20261

Кыргыстан Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы «Укук» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин «Бажы» электрондук документ жүгүртүү системасын иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымдары үчүн сыйлады.

2024–2025-жылдары долбоордун алкагында техникалык жана сервердик инфраструктура жайылтылган, тестирлөө, пилоттук ишке киргизүү жана системаны өндүрүштүк ишке киргизүү жүргүзүлгөн. Колдонуучулардын кайтарым байланышынын негизинде функционалдык толуктоолор тез арада киргизилип, ошондой эле 2026-жылга карата өнүктүрүү пландары түзүлгөн.

Квалификациялуу IT адистеринин — системалык администраторлордун, маалыматтык коопсуздук боюнча адистердин, программисттердин жана бизнес-аналитиктердин — катышуусу «Бажы» электрондук документ жүгүртүү системасынын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берди, Мамлекеттик бажы кызматынын ресурстарына жүктөмдү азайтты жана электрондук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатты.

Колдонуучуларды коштоону, кайрылууларды ыкчам иштеп чыгууну жана маанилүү жагдайларды четтетүүнү камсыз кылган кызматкерлердин салымы өзгөчө белгиленди.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат системаларын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ведомстволук сыйлыктар, анын ичинде «Бажы кызматында кызматташуу үчүн» медалы төмөнкүлөргө тапшырылды:

• Акылай Нышанова, программист; 

• Шамил Кубулбеков, бизнес-аналитик;

• Раатбек Жумабеков, программист;

• Эмирлан Абитов, бизнес-аналитик.

Мамлекеттик бажы кызматы адистерге кесипкөйлүгү жана Кыргыз Республикасынын бажы системасынын санариптик өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.