Бажы кызматынын ардагери Таалайбек Усубалиев «Достық» II даражадагы ордени менен сыйланды
31.10.20260
Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ардагери Усубалиев Таалайбек Сыдыманович Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — -II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды.
Сыйлык Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылган. Мамлекеттик сыйлыкты Казакстан Республикасынын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин тапшырды.
Таалайбек Усубалиев Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, адабият, искусство жана архитектура жаатындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Ал искусствону өнүктүрүүгө жана маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн бир катар мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга татыган.
Таалайбек Усубалиев 1994-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөгөн. Ак ниет кызматы үчүн «Бажы кызматынын мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы Таалайбек Сыдымановичти жогорку сыйлыгы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайт!
