Бажы кызматынын кадрлар резервине конкурска документтерди кабыл алуу мөөнөтү 27-декабрга чейин узартылды

20.11.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажы кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоого катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл алуу мөөнөтү узартылганын билдирет.
Эми документтер 2026-жылдын 27-декабрына чейин тапшырууга болот.
2026-жылдын 18-ноябрына карата конкурстук тандоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын 176 жаранынан документтер кабыл алынды.
Конкурстук тандоого 35 жашка чейинки, жогорку билими бар жана мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жарандары документтерин тапшыра алышат.
Талапкерлер белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча кызмат өтөөгө жарактуу болууга тийиш.
Конкурска катышуу үчүн арыз, анкета, автобиографиялык реферат, билими тууралуу документтер, өздүгүн тастыктаган документ, аскердик эсепке алуу документтери (эркектер үчүн), акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө, «Кыргызтест» сертификаты, үчтөн кем эмес сунуш кат, сүрөттөр жана белгиленген тизмеге ылайык башка документтер тапшырылышы зарыл.
Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, 108 (мурдагы Байтик баатыр көчөсү, 4а).
Кабыл алуу убактысы: дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат 09:30дан 18:00гө чейин.
Маалымат алуу үчүн телефон: 51 08 86.
Белгилей кетсек, талап кылынган айрым маалым каттарды жана документтерди «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.
Талапкерлерге коюлган талаптар жана керектүү документтердин толук тизмеси жөнүндө кеңири маалыматты Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтынан www.customs.kg же жогоруда көрсөтүлгөн байланыш телефону аркылуу алууга болот.