Бажы кызматынын кинологдору кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууда
06.02.20260
2026-жылдын 30-январынан 2-февралын кошуп «Адистештирилген окутуу» бажысынын базасында кинология бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жана көндүмдөрүн арттырууга багытталган семинар болуп өттү.
Бул иш-чара кинологиялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө ведомстволор аралык меморандумдун алкагында уюштурулуп, Кыргыз Республикасындагы дүйнөлүк бажы уюмунун аймактык кинологиялык окутуу борборун андан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Семинарга КР МБКнын бажы органдарынын, КР ИИМдин БМЖКККнын кинологиялык борборунун, КР УКМКнын 9-кызматынын кинологдору жана ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын кинологдор бирликтеринин өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар кызматтык иттерди үйрөтүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүштү. Эксперт катары кинологиялык көп түрдүүлүк боюнча Россиянын эки жолку чемпиону Анна Скопинова катышты.
Мамлекеттик бажы кызматынан 7 кызматкер, жалпысынан 38 адам катышты. Семинардын жыйынты боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.


.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
