Бажы кызматынын кинологдору ведомстволор аралык мелдеште үч алтын жана бир күмүш медаль жеңип алышты
17.11.20256
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Динамо» спорт комплексинин базасында Министрликтердин жана ведомстволордун кинологиялык бөлүмдөрүнүн арасында IV ведомстволор аралык көп түрдүү мелдеш боюнча иш-чара өттү.
Мамлекеттик бажы кызматынын командасы төмөнкүдөй курамда катышты:
• Нурсултан Сарбагышев, команда капитаны жана АОБдун кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн улук инспектору;
• Усон Талибаев, Баткен бажысынын кенже инспектор-кинологу (кызматтык ит "Лорд");
• Мырзабек Навитаев, “Түндүк” темир жол бажысынын кенже инспектор-кинологу (кызматтык ит "Ордас").
Мелдештин жыйынтыгында МБК командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээлеп, үч алтын жана бир күмүш медаль утуп алды:
• Жүк салынуучу бөлүктөн баңгизат издөө — 1-орун;
• Жүк ташуучу унаалардан баңгизат издөө — 1-орун;
• Жеке эсеп — М.М. Навитаев — 1-орун;
• Жеңил автоунаалардан баңгизат издөө — 2-орун.
Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана кызматтык кинологияны өнүктүрүүгө багытталган.






