Бажылык администрациялоону жакшыртуу: кызматкерлерди окутуу

25.03.20250

2025-жылдын март айында “Адистештирилген окутуу” бажысында Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери үчүн окуу семинарлары өткөрүлдү. Окутуу 2025-жылга карата кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу планынын алкагында ишке ашырылды.

  11-мартта «Эл аралык автожол ташуулары» китепчесин колдонуу менен жүктөрдү эл аралык ташуу боюнча Бажы конвенциясынын негиздери темасында семинар өткөрүлдү. Катышуучулар эл аралык транзиттин эрежелерин, Конвенциянын талаптарын, ошондой эле Эл аралык автожол ташуулар китепчесин толтуруу жана текшерүү өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү. Навигациялык пломбаларга жана жүктөрдү ташуу коопсуздугун жогорулатууга көмөктөшүүчү электрондук мониторинг системаларына өзгөчө көңүл бурулду. Семинарга 14 кызматкер катышты.

  Башкаруу жана байланыш боюнча семинар. 18-мартта “Лидерликти өнүктүрүү жана эффективдүү баарлашуу” деген темада семинар болуп өттү. Бажы кызматкерлери башкаруу, сүйлөшүү жана чыр-чатактарды чечүү ыкмаларын өздөштүргөн. Алынган билимдер аларга жарандар, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары жана башка түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен кесиптик өз ара аракеттенүүгө жардам берет. Окууга 15 кызматкер катышты.

  Мындай иш-чаралар кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасында бажылык администрациялоо системасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.