«Бирдиктүү терезе» системасынын мүмкүнчүлүктөрү ТЭИ катышуучуларына тааныштырылды
20.04.20261
Уруксат берүүчү документтерд алуу үчүн кантип тез жана ыңгайлуу арыз берүү керек — бул суроого тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары Ишкерлерди тейлөө борборунда өткөн жумушчу жолугушууда практикалык жооп алышты.
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик ишканасынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте «Бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы кандай иштээрин жана ал бизнес үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн көрсөтүштү. Өзгөчө көңүл электрондук кызматтардын ыңгайлуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө бурулду.
Катышуучуларга уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн онлайн арыз берүүнүн төмөнкү жолдору кеңири түшүндүрүлдү:
• Ишкерлерди тейлөө борборунда «Бирдиктүү терезе» оператору аркылуу;
• аралыкта жардамчыны колдонуу менен;
• ТЭИ катышуучусунун жеке кабинети аркылуу өз алдынча.
Мындан тышкары, жеке кабинеттин функционалдык мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде арыз берүү, тиешелүү талааларды туура толтуруу жана төлөм жүргүзүү процесстери көрсөтүлдү.
Мындай жолугушуулар мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалог үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Алар ишкерлерге санариптик инструменттерге тезирээк ыңгайлашууга жардам берип, ТЭИ жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ачык жана натыйжалуу кылат.