Бишкек шаарында Евразия экономикалык бирлигинин бажы кызматтарынын Биргелешкен коллегиясынын 53-отуруму өттү

26.03.20260

2026-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын Биргелешкен коллегиясынын 53-отуруму болуп өттү. Отурумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. 


Отурумдун жүрүшүндө мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, ошондой эле бажылык администрациялоо жана бажы көзөмөлүнүн актуалдуу багыттары боюнча кеңири маселелер каралды. Катышуучулар ЕАЭБдин ТЭИ ТНине ылайык айрым товарлардын категорияларын классификациялоо практикасын, товарлар чыгарылгандан кийин декларацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин, ошондой эле транзиттик декларацияны толтурууну жөнгө салуучу актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карап чыгуу маселелерин талкуулашты.
 

Өзгөчө көңүл бажы транзитин өркүндөтүүгө, жүктөрдү ташууну уюштуруунун ыкмаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн товарлардын жана транспорт каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө бурулду. Бажы кызматтарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү, техникалык колдоонун иштеши жана заманбап санариптик инструменттерди киргизүү маселелери каралды.


Мындан тышкары, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, тобокелдиктерди башкаруу системасын өнүктүрүү, анын ичинде бирдейлештирилген баа индикаторлорун колдонуу, ошондой эле бажы экспертизасы чөйрөсүндөгү методикалык сунуштарды жаңылоо боюнча демилгелер талкууланды.


Отурумдун жыйынтыгында макулдашылган ыкмалар иштелип чыгып, ТЭИ ТН коддорун бирдиктүү колдонууга, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана Бирликтин алкагында бажылык жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган 22 чечим кабыл алынды.