Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу болуп өттү

12.10.20260

2026-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага Дүйнөлүк бажы уюмунун (ДБУ) Башкы катчысы Иэн Сондерс катышты.

Жолугушуу ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, санариптик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана бажы жол-жоболорун мындан ары жөнөкөйлөтүүгө арналды.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар 11-жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышын, ошондой эле 2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Макулдашууда каралган пилоттук долбоорду ишке киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тараптар бажы администрациялоосун санариптик трансформациялоо, маалыматтарды электрондук алмашууну өнүктүрүү, бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатындагы кызматташтык жана бажы лабораторияларынын ишмердүүлүгү боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, катышуучулар ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы бажы кызматташтыгынын 2027–2031-жылдарга карата Жол картасын даярдоо маселесин карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча 12-жыйналыштын протоколуна кол коюлду. Ошондой эле ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын жетекчилеринин кезектеги, 13-жолугушуусун өткөрүү күнү жана орду аныкталды.

Жолугушуунун Бишкек шаарында өткөрүлүшү регионалдык бажы кызматташтыгын чыңдоого, санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө жана өз ара соода жүргүзүү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болду.