Брюсселде Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Кеңешинин 147/148-сессиясы өттү

30.06.20260

Брюссель шаарында (Бельгия Королдугу) Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун (БДБУ) Кеңешинин 147/148-жылдык сессиясы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев баштаган делегация катышты.

Жыйында БДБУга мүчө мамлекеттер 2025–2028-жылдарга карата Стратегиялык планды ишке ашыруу, бажы ишин санариптештирүү, жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо технологияларын колдонуу, тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү, электрондук сооданы өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык соодага шарт түзүү менен катар эл аралык жеткирүү чынжырларынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

БДБУга дүйнөнүн 187 бажы администрациясы мүчө болуп саналат. Кеңештин сессиясына катышуу кыргыз делегациясына бажы тармагындагы алдыңкы эл аралык тажрыйбалар менен таанышууга, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан бажы кызматынын санариптик трансформациясын жана бажы администрлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды тааныштырууга мүмкүнчүлүк берди.