Чек арадагы радиациялык көзөмөл: жаңы билим жана практикалык көндүмдөр
30.05.20250
2025-жылдын 12-майынан 23-майына чейин Ош бажысынын базасында АКШнын Энергетика министрлигинин өзөктүк материалдардын контрабандасын аныктоо жана ага каршы аракеттенүү программасынын алкагында радиациялык коопсуздук боюнча окуу өткөрүлдү.
Окутуу «ВМФ Групп» ЖЧКсынын эксперттеринин катышуусунда Адистештирилген окутуу бажысы тарабынан өткөрүлдү. Тренингге «Ош», «Баткен», «Жалал-Абад» бажы органдарынын жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын максаты бажы кызматкерлеринин кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу болду. Катышуучулар радиациялык контролдоо приборлору менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүштү, радиациялык порталдык монитордун иштөөсүндөгү иш-аракеттерди иштеп чыгышты жана иондоштуруучу нурлануунун булактарын идентификациялоо ыкмаларын үйрөнүштү.
Тренингдин жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды. Катышуучулар улуттук коопсуздук системасын чыңдоо үчүн мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилешти.