ЕАЭБ БКБК: эксперттик топтун жыйыны өттү

02.06.20251

2025-жылдын 1-2-июнунда Ысык-Көл облусунун Байет айылында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын алдындагы эксперттик топтун отуруму болуп өттү.

Ишке Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар документтердин долбоорлорун талкуулап, 4-июнда боло турган биргелешкен коллегиянын 50-жыйынына сунушталган маселелер боюнча позицияларды макулдашты.

Мурда кабыл алынган чечимдерди практикалык ишке ашыруу, транзит маселелери, товарларды классификациялоо, маалыматтык өз ара аракеттенүү жана тобокелдиктерди башкаруу системасын өнүктүрүүгө басым жасалат. Биргелешкен коллегия деңгээлинде мурда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруунун практикалык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду.

Эксперттик жолугушуулар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы администрацияларынын ортосунда профессионалдык диалогду жана аракеттерди координациялоону чыңдоого өбөлгө түзөт.