Индира Шаршенова “Тышкы соода чөйрөсүндө “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
04.02.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси Медет Турсалиев “Тышкы соода чөйрөсүндө “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине жаңы башкы директору Индира Жанусаковна Шаршенованы тааныштырды.
Индира Шаршенованын мамлекеттик кызматта олуттуу тажрыйбасы жана санариптик өнүктүрүү, административдик реформа жана мамлекеттик программаларды башкаруу чөйрөсүндө кесиптик тажрыйбасы белгиленди. Ал көп жылдар бою Мамлекеттик салык кызматында, Мамлекеттик кадр кызматында, Мамлекеттик каттоо кызматында жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жетекчилик кызматтарды ээлеп, БУУ жана Европа Бирлиги уюмдары менен биргеликте эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан. Дайындалганга чейин ал Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Таанышуу учурунда Медет Турсалиев мамлекеттик ишкананы андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, уруксат берүү жол-жоболорун активдүү санариптештирүү, бизнес үчүн электрондук кызматтарды кеңейтүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Индира Шаршенова өзүнө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, “бирдиктүү терезе” механизмдерин өнүктүрүүнү улантууга, ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүүгө жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн заманбап санариптик чечимдерди ишке ашырууга даяр экенин ырастады.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №334 токтому менен “Тышкы соода чөйрөсүндө “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик бажы кызматынын карамагына өткөрүлүп берилген.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
