Кинология кызматын өнүктүрүү: КМШ деңгээлинде окутуу программаларын өркүндөтүү
23.04.20256
2025-жылдын 8-апрелинен 10-апрелин кошуп мезгилде Ереван шаарында КМШнын Бажы кызматтарынын укук коргоо өлүнүштөрүнүн кинология боюнча жумушчу тобунун 31-отуруму болуп өттү. Жолугушуу Армениянын Мамлекеттик кирешелер комитетинин кинология борборунун базасында өттү.
Ишке Кыргызстандын, Армениянын, Россиянын, Беларустун жана Өзбекстандын делегациялары катышты. Кыргыз тараптан Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысынын башчысынын орун басары Аида Беделбаева жана Мамлекеттик бажы кызматынын АОБ кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн башчысы Евгений Мащенко катышты.
Катышуучулар 2024-жылга карата иштердин жыйынтыгын чыгарып, 2025-жылга карата пландарды, баңги заттарды табууда кызматтык иттердин натыйжалуулугун, окутуу программаларын жакшыртуу жана бөлүмдөр ортосундагы маалымат алмашууну тездетүү маселелерин талкуулашты. Делегациялар ошондой эле Армян кинологиялык борборунун техникалык базалары менен таанышышты.
Жумушчу топтун кезектеги отуруму жана кызматтык иттер арасында көп түрдүү мелдеш 2025-жылдын үчүнчү кварталында Бишкекте өткөрүлөт.