КУЛАКТАНДЫРУУ !
20.03.20250
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Россия Федерациясынын Россия Бажы академиясына (мындан ары - РБА) тапшыруу үчүн талапкерлер үчүн арыздарды жана документтерди берүүнүн мөөнөтү 2025-жылдын 15-апрелине чейин узартылганын билдирет.
Арыз жана документтер Бишкек шаары, Байтик-Баатыра 4а, 406 каб. дареги боюнча кабыл алынат.
Россия Бажы Академиясына тапшыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
1. Адистигин жана окуу формасын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын жетекчисинин атына арыз (арыздын үлгүсүн төм. кара).
2. Катталган жерин көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү (жаңы паспорттун ээлери жашаган жеринен же КР МКК КТЖдан маалым кат алып келишет).
3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн).
4. Фамилиясын алмаштыруу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде алмаштырса)
5. Окуган сабактарын жана алар боюнча алган бааларын (баллдарын) көрсөтүү менен билим алуу туралуу документтердин көчүрмөлөрү билим берүү мекемесинин расмий мөөрү басылган.
Мектеп окуучулары биринчи жарым жылдыкта алган баалары менен бүтүрүү классында окугандыгы жөнүндө маалымкат беришет; бардык предметтер боюнча бүтүрүү жылынын акыркы жарым жылдыгындагы баалар акыркы жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча кошумча берилет.
6. Документтердин көчүрмөлөрү (дипломдор, эл аралык жана улуттук (шаардык жана башка) конкурстардын жана олимпиадалардын жеңичүүлөрдүн грамоталары ж.б.) (орус тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн).
7. Окуган же иштеген жеринен мүнөздөмө.
8. 2ден кем эмес сунуштамалар (жашаган жеринен, окуган же иштеген жерден жоопту жактардан).
9. Расмий органы тарабынан берилген адамдын иммундук жетишсиздик вирусу жана СПИД оорусу жоктугун ырастаган медициналык маалым кат.
10. Поликлиникадан терапевттин ден соолугунун абалы жана бардык алынган эмдөөлөр жөнүндө белгилери бар медициналык маалымкаты, ошондой эле психоневрологиялык, тери венерикалык жана наркологиялык диспансерлерде каттоодо турбагандыгы жөнүндө маалымкат.
11. Аскер билетинин көчүрмөсү (каттоо күбөлүгү) аскердик каттоого алынгандыгы тууралуу белгиси менен.
12. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (бар болсо – нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн).
13. Жалтырабаган кагазда 3х4 өлчөмүндө 6 фотосүрөт (ак фон, кийим формасы – классикалык).
14. Өмүр баяны. (жазуу жүзүндө – колдон жазылган).
15. Биометрикалык маалыматтарды тапшырганын тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөсү
16. Резюме (резюме ата-энеси жөнүндө маалыматты камтышы керек: аты-жөнү, иштеген жери, үй дареги жана байланыш телефондору – үй, жумуш жана уюлдук).
РБАга тапшырууга талапкерлер РБАда окууга жарактуулукка аскердик-дарыгерлер комиссиясынан өтүшөт, дене тарбиясы боюнча зачетторду тапшырышат, ошондой эле тестирлөөдөн (орус тили жана коом таануу) жана маектешүүдөн өтүшөт.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар: 51-08-90, 51-06-51 (кош.209)