Кыргыз-кытай чек арасында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды

21.04.20260

«Түндүк» темир жол бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР ИИМдин БМЖКККнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте эл аралык почта жөнөтмөлөр аркылуу каннабис тобундагы баңги заттарын алып кирүүнү уюштурган кылмыштуу топтун ишин аныктап, бөгөт коюлду.  

2026-жылдын 21-мартында «Кыргыз почтасы» эл аралык почта алмашуу борборунда бажылык көзөмөл учурунда Таиланддан келген шектүү жүк аныкталган. Сканерлөөчү жабдуулар аркылуу текшерилген бүктөлмө отургучтун ичинен өсүмдүк тектүү жашырылган зат табылган. Алдын ала маалымат боюнча — гашиш. Алынган баңги заттын жалпы салмагы болжол менен 700 граммды түзгөн.

26-мартта Бишкек шаарында «контролдонуучу жеткирүү» ыкмасы колдонулган атайын операциянын жүрүшүндө аталган жүктү алуу учурунда эки жаран кармалган.

Учурда соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.