Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы №35-10/394 “Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюм үлүшүнүн ченемдери маселеси жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу буйрук
19.06.20260

«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин
3-бөлүгүнө, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 140-беренесинин 6-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобонун 18-пунктунун 8-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 «Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана кийим үлүшүнүн ченемдери маселеси жөнүндө» буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийими жана буюмдук үлүшүнүн ченемдери жөнүндө Жобо:
- төмөнкү мазмундагы 6-1 пункту менен толукталсын:
«6-1. Жылууланганган кышкы баш кийим
Кочкул көк түстөгү, этеги кайрылган трикотаж кышкы баш кийим. Баш кийимдин кайрылган алдыңкы бөлүгүнө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тегерек формадагы текстилдик эмблемасы тигилет. Ички бөлүгү флис кездеме менен ичтелген. Буюмдун четтери кош бүгүлүп тигилген.»;
12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Парка күрмө.
Парка күрмө – кочкул-көк түстөгү, суу өткөрбөй турган плащ кездемеден тигилген, жаз-күз кийилүүчү/кышкы сырткы кийим, курамы – 100% полиэфир.
Кочкул-көк түстөгү, суу өткөрбөй турган плащ кездемесинен тигилген, көрүнүшү түз, этегине чейин жылууланган ичтемеси бар күрмө, борбордук борттуу сыдырма менен биктилип, 5-6 жашыруун топчулуу капталган бекитикич менен жабылат. Өңүрү түз, эки рельефтүү кокеткасы бар, үстүңкү төш чөнтөктөр жана борбордук бекиткичке карата 75 градус бурчта жайгашкан, узундугу 15-17 см болгон эки төмөнкү жалбыракчалуу сыдырма чөнтөктөр менен жабдылат.
Сол жак өңүрүнүн ички тарабында түз капкалдырыктуу, жабышма тасма менен бекитилүүчү каптама чөнтөк жайгашкан. Арткы өңүрүндө кокетка бар жана борбордук тигиш кетет. Жеңдери кош тигиштүү, 4 деталдан турат жана чыканактарында танапталган тигиш бар. Куртканын жеңдеринин сырткы тарабында, жеңдин өйдөнкү чекитинен 8 см аралыкта шеврондор жайгашкан.
Жакасы тик формада болуп, синтепон (100 г/м²) менен жылууланган капюшонго өтөт. Күрмөнүн жылууланган ичтемеси 200 г/м² синтепондон даярдалып, саржа кездемесине «10 см ромб» үлгүсүндө тигилген. Бел бөлүгү ички жагынан боо аркылуу тартыла турган жөнгө салгыч менен жабдылган. Жеңдердин ылдыйкы бөлүгү жабык кесик менен бүктөлүп тигилген, ал эми ички тарабында трикотаж манжеталар каралган.
Жеңдердин ийин тигиштеринин тушуна погондорду бекитүү үчүн топчулар менен тагылуучу хлястиктер (тилкелер) тигилген, аларга кочкул көк түстөгү, өлчөмү 5х7 см тик бурчтуу формадагы жумшак погондор өткөрүлөт, погондун четтери жашыл түстөгү жибек жип менен кыюу (жээк) саймаланган. Улук офицердик курамдын погондоруна диаметри 20 мм алтын түстөгү (сары) саймалуу жылдыздар, ал эми кенже офицердик курамдын погондоруна диаметри 13 мм алтын түстөгү (сары) саймалуу жылдыздар жайгаштырылат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
«12-1. Кышкы атайын талаа костюму (күрмө, шым).
Негизги кездемеси – суу өткөрбөгөн камуфляж түстөгү плащ кездемеси (көк түстөгү «лего» камуфляжы, сүрөтү басма түрүндө, үч түстүү гаммада: кочкул көк, көк жана кара түстөрдө аткарылган), курамы – 100% полиэфир.
Күрмө – камуфляж түстүү, суу өткөрбөй турган плащ кездемесинен (көк түстөгү «лего» камуфляжы, сүрөтү басма түрүндө, үч түстүү гаммада: кочкул көк, көк жана кара түстөрдө аткарылган) тигилген, көрүнүшү түз, этегине чейин жылууланган ичтемеси бар, борбордук борттуу сыдырма менен биктилип, 4-5 жашыруун топчулуу капталган бекитикич менен жабылат. Өңүрү бел сызыгы боюнча кесилген жана ийин сызыгынан түшкөн эки кокеткасы бар, үстүңкү төш бөлүгүндө узундугу 15-17 см болгон эки тилме чөнтөк жайгаштырылып, алар кочкул көк түстөгү топчу менен бекитилүүчү клапандар менен жабдылган, чөнтөктөр борбордук бекиткичке карата 75 градус бурчта жайгашкан. Ар бир чөнтөк үчүн эки капчык каралган – бири флис кездемесинен, экинчиси саржа кездемесинен.
Алдынкы бөлүгүндө, бел сызыгынан төмөн жагында экиден ички чөнтөк (капчыгы флис кездемесинен) жана ички чөнтөктөрдүн үстүнөн оозу кыйгач жана «Велкро» жабышма тасма менен бекитилген капкалдырыктуу эки каптама конверт чөнтөк жайгашкан. Өңүрүнүн үстүңкү бөлүгүндө, жакадан баштап бел сызыгына чейин ички шамалдан коргоочу капкалдырык жайгашкан, анын бир тарабы флис кездемеси менен жылууланган. Эки өңүрдүн тең ички тарабында горизонталдуу жана вертикалдуу оозу бар каптама чөнтөктөр жайгашкан.
Арткы бөлүгү бел сызыгы боюнча кесилген, кокеткасы жана борбордук тигиши бар. Жеңдери эки тигиштүү. Жеңдердин үстүңкү бөлүктөрүндө ийин тигишинен 7 см аралыкта өлчөмү 15 х 15 см, кара түстөгү сыдырмалуу каптама чөнтөктөр жайгашкан. Эки чөнтөккө тең камуфляж түстөгү жең шеврондору тигилген. Жеңдердин этегине манжета тигилген, анын 1/3 бөлүгү резина менен тартылган, манжеттин үстүнө анын туурасын жөнгө салуучу велкро жабышма тасмасы бар тилке тигилген.
Жакасы тик формада, 100 гр/м² синтепон менен жылууланган капюшонго өтөт. Капюшон люверстер жана учтарына стопперлер бекитилген тарткыч боо менен жабдылган. Күрмөнүн жылуулоочу ичтемеси 200 гр/м² синтепондон жасалып, «10 см ромб» үлгүсүндө саржа кездемесине бекитилген, өңүрү жана арткы бөлүктөрү кошумча түрдө шырылган пахта ватин менен жылууланган. Бел бөлүгү ички жагынан боо аркылуу тартыла турган жөнгө салгыч менен жабдылган. Күрмөнүн этеги бүктөлүп тигилген жана учтарына стопплер бекитилген тарткыч боо менен жабдылган.
Жеңдердин ийин тигиштеринин тушуна погондорду бекитүү үчүн топчулар менен тагылуучу хлястиктер (тилкелер) тигилген, аларга камуфляж түстүү, өлчөмү 5х7 см тик бурчтуу жумшак погондор өткөрүлөт, погондун четтери боз түстөгү жибек жип менен кыюу (жээк) сайылган. Улуу офицердик курамдын погондорунда диаметри 20 мм боз түстөгү саймалуу жылдыздар, ал эми кенже офицердик курамдын погондоруна диаметри 13 мм боз түстөгү саймалуу жылдыздар жайгаштырылат.
Жылдыздардын саны атайын наамга дал келет.
Шымдын алдыңкы бөлүктөрүндө жарым тегерек чөнтөктөр жайгашкан. Шымдын алдыңкы бекиткич бөлүгү (ширинка) сыдырма бекиткич менен жабылат. Шымдын тизе жагы бекемдөөчү каптама менен капталган. Шымдын этеги ичине бүгүлүп тигилген. Шымдын арткы оң бөлүгүндө тилик чөнтөк жайгашкан.
Отуруучу жери бекемдөөчү каптама менен капталган. Шымдын курунун туурасы 7 см, белинин капталдарына белдин узундугун жөнгө салуу үчүн узундугу 10 см резина тасмалар салынган, 1,5 х 8 см өлчөмүндөгү илмектер бар, үч топчуга топчуланат, анын бири жашыруун топчу болуп саналат, белдин ички тарабы флис кездемесинен жасалган.
Шымдын капталдарында, тизе деңгээлинде 21х22 см өлчөмүндөгү чөнтөктөр жайгашкан, чөнтөктүн көлөмүн чоңойтуу үчүн эки бүктөмү бар, 21 х 6 см өлчөмүндөгү капкалдырыктар менен жабдылган. Капкалдырыктары кочкул көк түстөгү эки жашыруун топчу менен топчуланат. Капкалдырык, чөнтөктөр, илмектери кошумча бекемделүүчү тигиш менен бекитилиши керек. Шымдын флис кездемеден же саржага шырылып тигилген, 150 гр/м² синтепон ичтемеси бар.»;
- 15-пункттун экинчи абзацындагы «Туташ бычылган тик англисче жака.» деген сөздөр «Туюк бычылган тик кайырма жака.» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Атайын кышкы кепка.
Атайын кышкы кепка кочкул көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилип, сүйрү формасындагы төбө бөлүгүнөн, негизги бөлүгүнөн (тулкусунан), алкагынан, кырынан, жана желке бөлүгү менен узартылган кулакчындарынан турат.
Төбөсү сүйрү формада болуп, негизги бөлүгүнө (тулкусуна) бириктирилип тигилген. Негизги бөлүгү (тулкусу) туюк бычылган, орточо бийиктикте жана формасын туруктуу кармоочу катмар менен иштелген.
Алкагы бириктирилип тигилген, алкактын маңдайкы борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн алтын түстөгү кокарда жайгаштырылат. Кокарда буюмдун так ортосуна туруктуу бекитилет.
Кыры катуу, формасын туруктуу кармоочу материалдан жасалып, үстү негизги кездеме менен капталган. Кырынын четине жасалгалоочу тигиш жүргүзүлгөн.
Негизги бөлүгүнүн (тулкусунун) каптал бөлүктөрүндө кочкул түстөгү металл шакекчелер менен иштетилген желдетүүчү тешиктер (люверстер) каралган.
Кепка негизги үстүнкү материалдан тигилген жана жылууланган катмар менен жабдылган желке бөлүгү менен узартылган кулакчындарынан турат. Кулакчындар бириктирилип тигилген, ылдый түшүрүлүп ээктин астына бекитилет же өйдө көтөрүлүп, буюмдун капталдарына бекитилет. Кулакчындар алкактын каптал бөлүктөрүндө жайгашкан кочкул түстөгү формалык баскычтардын (кнопка) жардамы менен бекитилет.
Буюмдун ички бөлүгү жылууланган жана жылуулукту сактоочу материалдан жасалган ичтеме менен толукталган.
Бардык жасалгалоочу тигиштер негизги кездеменин түсүнө шайкеш келтирилип жасалат.
Баш кийимдин жалпы түзүлүшү катуу формага ээ.»;
- 20-пункттун үчүнчү абзацында «фальшпогондор менен» деген сөздөн кийин «айырмалоочу белгилери бар тигилип бекитилүүчү» деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункттун жетинчи абзацындагы «фальшпогондордо» деген сөздөргө чейин «айырмалоочу белгилери сайылган» деген сөздөр менен толукталсын;
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«22. Атайын жайкы кепка.
Атайын жайкы кепка 4-5 бөлүктөн куралат, кочкул көк түстөгү санариптик камуфляж өңүндөгү пахта кездемеден тигилет, кыры жана алты бөлүктөн турат. Алдыңкы бөлүктөрү бекемделген, катуу, формасын туруктуу кармоочу кошумча катмар менен бекемделген. Маңдай бөлүгүндө коргоочу түстөгү Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн кокарда жайгашкан. Кыры катуу, негизги кездемеден жасалып, четтерине жасалгалоочу тигиш жүргүзүлөт; желдетүүчү тешиктери люверстер менен иштелет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1 жана 24-2-пункттар менен толукталсын:
«24-1 Атайын тактикалык кышкы бут кийим
Кончу бийик, кара түстөгү боо менен байлануучу өтүк. Үстүнкү бөлүгү бекемделген кошумча катмарлары бар тыгыз материалдан жасалган, кончу бийик, боолор үчүн металл шакекчелери бар. Таманы эскирүүгө туруктуу материалдан жасалып, рельефтүү жана так көрүнгөн протекторго ээ; такасы куюлуп жасалган. Конструкциясы айкалыштырылган, таманынын ортоңку бөлүгү амортизациялоочу катмар менен жабдылган.
24-2 Атайын тактикалык жайкы бут кийим.
Жеңилдетилген үлгүдөгү кара түстөгү тактикалык жарым өтүк, боо менен байланат. Үстүнкү бөлүгү айкалыштырылган: текстилдик негизден жана эскирүүгө туруктуу материалдан жасалган кошумча каптамалардан турат. Таманы массивдүү, куюлуп жасалган, рельефтүү протектору так көрүнүп турат; ортоңку бөлүгү периметри боюнча калыпка салынган бекемдөөчү элемент менен күчөтүлгөн. Конструкциясы төмөнкү формада, согончок жана манжа бөлүктөрү бекемделген.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын:
«28-1 Жылууланган кышкы баш кийим.
Кочкул көк түстөгү трикотаждан тигилген, кайырмасы бар кышкы баш кийим. Кайырманын алдыңкы бөлүгүнө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тегерек текстилдик эмблемасы тигилген. Ички бөлүгү флис кездемеден ичтеме менен жылууланган. Буюмдун чети кош бүктөм менен иштелет.»;
- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын:
«35. Парка күрмө.
Парка күрмө – кочкул-көк түстөгү, суу өткөрбөй турган плащ кездемеден тигилген, жаз-күз кийилүүчү/кышкы сырткы кийим, курамы – 100% полиэфир.
Кочкул-көк түстөгү, суу өткөрбөй турган плащ кездемесинен тигилген, көрүнүшү түз, этегине чейин жылууланган ичтемеси бар күрмө, борбордук борттуу сыдырма менен биктилип, 5-6 жашыруун топчулуу капталган бекитикич менен жабылат. Өңүрү түз, эки рельефтүү кокеткасы бар, үстүңкү төш чөнтөктөр жана борбордук бекиткичке карата 75 градус бурчта жайгашкан, узундугу 15-17 см болгон эки төмөнкү жалбыракчалуу сыдырма чөнтөктөр менен жабдылат.
Сол жак өңүрүнүн ички тарабында түз капкалдырыктуу, жабышма тасма менен бекитилүүчү каптама чөнтөк жайгашкан. Арткы өңүрүндө кокетка бар жана борбордук тигиш кетет. Жеңдери кош тигиштүү, 4 деталдан турат
жана чыканактарында танапталган тигиш бар. Куртканын жеңдеринин
сырткы тарабында, жеңдин өйдөнкү чекитинен 8 см аралыкта шеврондор жайгашкан.
Жакасы тик формада болуп, синтепон (100 г/м²) менен жылууланган капюшонго өтөт. Күрмөнүн жылууланган ичтемеси 200 г/м² синтепондон даярдалып, саржа кездемесине «10 см ромб» үлгүсүндө тигилген.
Бел бөлүгү ички жагынан боо аркылуу тартыла турган жөнгө салгыч менен жабдылган. Жеңдердин ылдыйкы бөлүгү жабык кесик менен
бүктөлүп тигилген, ал эми ички тарабында трикотаж манжеталар
каралган.
Жеңдердин ийин тигиштеринин тушуна погондорду бекитүү үчүн топчулар менен тагылуучу хлястиктер (тилкелер) тигилген, аларга кочкул көк түстөгү, өлчөмү 5х7 см тик бурчтуу формадагы жумшак погондор өткөрүлөт, погондун четтери жашыл түстөгү жибек жип менен кыюу (жээк)
саймаланган. Улук офицердик курамдын погондоруна диаметри 20 мм
алтын түстөгү (сары) саймалуу жылдыздар, ал эми кенже
офицердик курамдын погондоруна диаметри 13 мм алтын түстөгү
(сары) саймалуу жылдыздар жайгаштырылат.»;
төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
«35-1. Кышкы атайын талаа костюму (күрмө, шым).
Негизги кездемеси – суу өткөрбөгөн камуфляж түстөгү плащ
кездемеси (көк түстөгү «лего» камуфляжы, сүрөтү басма түрүндө, үч түстүү гаммада: кочкул көк, көк жана кара түстөрдө аткарылган), курамы – 100% полиэфир.
Күрмө – камуфляж түстүү, суу өткөрбөй турган плащ кездемесинен (көк түстөгү «лего» камуфляжы, сүрөтү басма түрүндө, үч түстүү гаммада: кочкул көк, көк жана кара түстөрдө аткарылган) тигилген, көрүнүшү түз, этегине чейин жылууланган ичтемеси бар, борбордук борттуу сыдырма менен биктилип, 4-5 жашыруун топчулуу капталган бекитикич менен жабылат. Өңүрү бел сызыгы боюнча кесилген жана ийин сызыгынан түшкөн эки кокеткасы бар, үстүңкү төш бөлүгүндө узундугу 15-17 см болгон
эки тилме чөнтөк жайгаштырылып, алар кочкул көк түстөгү
топчу менен бекитилүүчү клапандар менен жабдылган, чөнтөктөр
борбордук бекиткичке карата 75 градус бурчта жайгашкан. Ар бир чөнтөк үчүн эки капчык каралган – бири флис кездемесинен, экинчиси саржа кездемесинен.
Алдынкы бөлүгүндө, бел сызыгынан төмөн жагында экиден ички чөнтөк (капчыгы флис кездемесинен) жана ички чөнтөктөрдүн үстүнөн оозу кыйгач жана «Велкро» жабышма тасма менен бекитилген капкалдырыктуу эки каптама конверт чөнтөк жайгашкан. Өңүрүнүн үстүңкү бөлүгүндө, жакадан баштап бел сызыгына чейин ички шамалдан коргоочу капкалдырык жайгашкан, анын бир тарабы флис кездемеси менен жылууланган. Эки өңүрдүн тең ички тарабында горизонталдуу жана вертикалдуу оозу бар каптама чөнтөктөр жайгашкан.
Арткы бөлүгү бел сызыгы боюнча кесилген, кокеткасы жана борбордук тигиши бар. Жеңдери эки тигиштүү. Жеңдердин үстүңкү бөлүктөрүндө ийин тигишинен 7 см аралыкта өлчөмү 15 х 15 см, кара түстөгү сыдырмалуу каптама чөнтөктөр жайгашкан. Эки чөнтөккө тең камуфляж түстөгү жең шеврондору тигилген. Жеңдердин этегине манжета тигилген, анын 1/3 бөлүгү резина менен тартылган, манжеттин үстүнө анын туурасын жөнгө салуучу велкро жабышма тасмасы бар тилке тигилген.
Жакасы тик формада, 100 гр/м² синтепон менен жылууланган капюшонго өтөт. Капюшон люверстер жана учтарына стопперлер бекитилген тарткыч боо менен жабдылган. Күрмөнүн жылуулоочу ичтемеси 200 гр/м² синтепондон жасалып, «10 см ромб» үлгүсүндө саржа кездемесине бекитилген, өңүрү жана арткы бөлүктөрү кошумча түрдө шырылган пахта ватин менен жылууланган. Бел бөлүгү ички жагынан боо аркылуу тартыла турган жөнгө салгыч менен жабдылган. Күрмөнүн этеги бүктөлүп тигилген жана учтарына стопплер бекитилген тарткыч боо менен жабдылган.
Жеңдердин ийин тигиштеринин тушуна погондорду бекитүү үчүн топчулар менен тагылуучу хлястиктер (тилкелер) тигилген, аларга камуфляж түстүү, өлчөмү 5х7 см тик бурчтуу жумшак погондор өткөрүлөт, погондун четтери боз түстөгү жибек жип менен кыюу (жээк) сайылган. Улуу офицердик курамдын погондорунда диаметри 20 мм боз түстөгү саймалуу жылдыздар, ал эми кенже офицердик курамдын погондоруна диаметри 13 мм боз түстөгү саймалуу жылдыздар жайгаштырылат.
Жылдыздардын саны атайын наамга дал келет.
Шымдын алдыңкы бөлүктөрүндө жарым тегерек чөнтөктөр жайгашкан. Шымдын алдыңкы бекиткич бөлүгү (ширинка) сыдырма бекиткич менен жабылат. Шымдын тизе жагы бекемдөөчү каптама менен капталган. Шымдын этеги ичине бүгүлүп тигилген. Шымдын арткы оң бөлүгүндө тилик чөнтөк жайгашкан.
Отуруучу жери бекемдөөчү каптама менен капталган. Шымдын курунун туурасы 7 см, белинин капталдарына белдин узундугун жөнгө салуу үчүн узундугу 10 см резина тасмалар салынган, 1,5 х 8 см өлчөмүндөгү илмектер бар, үч топчуга топчуланат, анын бири жашыруун топчу болуп саналат, белдин ички тарабы флис кездемесинен жасалган.
Шымдын капталдарында, тизе деңгээлинде 21х22 см өлчөмүндөгү чөнтөктөр жайгашкан, чөнтөктүн көлөмүн чоңойтуу үчүн эки бүктөмү бар, 21 х 6 см өлчөмүндөгү капкалдырыктар менен жабдылган. Капкалдырыктары кочкул көк түстөгү эки жашыруун топчу менен топчуланат. Капкалдырык, чөнтөктөр, илмектери кошумча бекемделүүчү тигиш менен бекитилиши керек. Шымдын флис кездемеден же саржага шырылып тигилген, 150 гр/м² синтепон ичтемеси бар.»;
- 37-пункттун экинчи абзацындагы «Туташ бычылган тик англисче жака.» деген сөздөр «Туюк бычылган тик кайырма жака.» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«40. Атайын кышкы кепка.
Атайын кышкы кепка кочкул көк түстөгү суу өткөрбөс кездемеден тигилип, сүйрү формасындагы төбө бөлүгүнөн, негизги бөлүгүнөн (тулкусунан), алкагынан, кырынан, жана желке бөлүгү менен узартылган кулакчындарынан турат.
Төбөсү сүйрү формада болуп, негизги бөлүгүнө (тулкусуна) бириктирилип тигилген. Негизги бөлүгү (тулкусу) туюк бычылган, орточо бийиктикте жана формасын туруктуу кармоочу катмар менен иштелген.
Алкагы бириктирилип тигилген, алкактын маңдайкы борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн алтын түстөгү кокарда жайгаштырылат. Кокарда буюмдун так ортосуна туруктуу бекитилет.
Кыры катуу, формасын туруктуу кармоочу материалдан жасалып, үстү негизги кездеме менен капталган. Кырынын четине жасалгалоочу тигиш жүргүзүлгөн.
Негизги бөлүгүнүн (тулкусунун) каптал бөлүктөрүндө кочкул түстөгү металл шакекчелер менен иштетилген желдетүүчү тешиктер (люверстер) каралган.
Кепка негизги үстүнкү материалдан тигилген жана жылууланган катмар менен жабдылган желке бөлүгү менен узартылган кулакчындарынан турат. Кулакчындар бириктирилип тигилген, ылдый түшүрүлүп ээктин астына бекитилет же өйдө көтөрүлүп, буюмдун капталдарына бекитилет. Кулакчындар алкактын каптал бөлүктөрүндө жайгашкан кочкул түстөгү формалык баскычтардын (кнопка) жардамы менен бекитилет.
Буюмдун ички бөлүгү жылууланган жана жылуулукту сактоочу материалдан жасалган ичтеме менен толукталган.
Бардык жасалгалоочу тигиштер негизги кездеменин түсүнө шайкеш келтирилип жасалат.
Баш кийимдин жалпы түзүлүшү катуу формага ээ.»;
- 41-пункттун үчүнчү абзацындагы «фальшпогондордо» деген сөздөргө чейин «айырмалоочу белгилери сайылган» деген сөздөр менен толукталсын;
- 42-пункттун бешинчи абзацындагы «фальшпогондордо» деген сөздөргө чейин «айырмалоочу белгилери сайылган» деген сөздөр менен толукталсын;
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«43. Атайын жайкы кепка.
Атайын жайкы кепка 4-5 бөлүктөн куралат, кочкул көк түстөгү санариптик камуфляж өңүндөгү пахта кездемеден тигилет, кыры жана алты бөлүктөн турат. Алдыңкы бөлүктөрү бекемделген, катуу, формасын туруктуу кармоочу кошумча катмар менен бекемделген. Маңдай бөлүгүндө коргоочу түстөгү Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн кокарда жайгашкан. Кыры катуу, негизги кездемеден жасалып, четтерине жасалгалоочу тигиш жүргүзүлөт; желдетүүчү тешиктери люверстер менен иштелет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 45-1 жана 45-2-пункттар менен толукталсын:
«45-1 Атайын тактикалык кышкы бут кийим
- Кончу бийик, кара түстөгү боо менен байлануучу өтүк. Үстүнкү бөлүгү бекемделген кошумча катмарлары бар тыгыз материалдан жасалган, кончу бийик, боолор үчүн металл шакекчелери бар. Таманы эскирүүгө туруктуу материалдан жасалып, рельефтүү жана так көрүнгөн протекторго ээ; такасы куюлуп жасалган. Конструкциясы айкалыштырылган, таманынын ортоңку бөлүгү амортизациялоочу катмар менен жабдылган.
45-2 Атайын тактикалык жайкы бут кийим.
Жеңилдетилген үлгүдөгү кара түстөгү тактикалык жарым өтүк, боо менен байланат. Үстүнкү бөлүгү айкалыштырылган: текстилдик негизден жана эскирүүгө туруктуу материалдан жасалган кошумча каптамалардан турат. Таманы массивдүү, куюлуп жасалган, рельефтүү протектору так көрүнүп турат; ортоңку бөлүгү периметри боюнча калыпка салынган бекемдөөчү элемент менен күчөтүлгөн. Конструкциясы төмөнкү формада, согончок жана манжа бөлүктөрү бекемделген.»;
- 49-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«49. Формалык фуражка.
Кочкул көк түстөгү костюмдук кездемеден тигилет, жашыл түстөгү кыюу менен жээктелген. Фуражкада бийиктиги 6 см болгон алкагы бар, аны бойлой жашыл түстөгү эки ичке тилке жайгашкан. Фуражканын алкагынын алдыңкы бөлүгүнө алтын түстөгү томпок сүйрү формадагы темир кокарда тагылат, кокарданын борборунда Мамлекеттик герб жайгашып, гербдин четинен кокарданын кырына чейинки бөлүгү толкун сымал жана лавр бутакчалары түрүндө сайма менен курчалган.
Кенже жетекчи курам үчүн —мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн, жасалгасы жок кокарда каралган.
Бажы кызматынын полковниги наамындагы офицерлер үчүн негизги бөлүгүнө сайма ыкмасы менен түшүрүлгөн Мамлекеттик герб жайгаштырылат.
Кыры кара түстө. Негизги бөлүгүнүн бийиктиги 7 см, каркаста жасалган, ичтемеси кара түстөгү пахта кездемеден тигилет.
Фуражканын негизги бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кездеме эмблемасы жайгаштырылат.
Фуражканын кырынын үстүнкү жагында, алкакка эки формалык топчу менен алтын түстөгү өрүлгөн боо бекитилет. Топчулары — алтын түстө, диаметри 13 мм, бетине Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлөт.»
- төмөнкүдөй мазмундагы 49-1-пункт менен толукталсын:
«49-1 Жылууланган кышкы баш кийим.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.»;
- 50-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«50. Кулакчындуу тумак:
1) Кочкул көк же кара түстөгү мехтен тигилет. Алдыңкы бөлүгүнүн так ортосуна Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн кокарда жайгаштырылат. Улуу жана орто жетекчилик курам үчүн алдыңкы бөлүгүнүн ортосуна алтын түстөгү томпок сүйрү формада кокарда тагылат, анын борборунда Мамлекеттик герб жайгашып, гербдин четинен кокарданын кырына чейинки бөлүгү толкун сымал, лавр бутакчалары түрүндө сайма менен курчалган;
2) каракүлдөн тигилген мех тумак, ал төбө бөлүктөн, жана желке бөлүгү менен кулакчындарынан турат, кулакчындардын учтарына байлоо үчүн тасма тигилет. Бардык бөлүктөрү кочкул боз түстөгү каракүлдөн даярдалат, алдыңкы бетинде, кырынын ортосуна лавр бутакчалар менен курчалган, Мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн алтын түстөгү кокарда бекитилет. Бажы кызматынын полковниги наамындагы кызматкерлер үчүн арналат.”;
- 50-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
50-2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кочкул көк түстөгү кездемеден тигилген китель, көрүнүшү түз, ачык үлгүдөгү, кайрылма жакасы жана лацкандары бар. Алдыңкы бөлүгүнүн ортосунда төрт даана формалык алтын түстөгү, диаметри 22 мм болгон, Мамлекеттик герб түшүрүлгөн топчу менен жабылат. Өңүрү түз, капталдары кесилип бычылган, алдыңкы бүктөмдөрү жана тик бурчтуу капкалдырыктары бар каптал чөнтөктөрү менен жасалган. Капкалдырыктардын четине жашыл түстөгү ноотудан жасалган милте тигилген. Арка бөлүгүнүн ортосунда тигиш бар, ылдый жагы тилик менен аяктайт. Жеңдери тигилме, кош тигиштүү. Оң жана сол жеңдеринде жеңге тагылуучу шеврондор жайгаштырылат. Сол өңүрүнүн ичтемесинде ички «тилик» чөнтөгү бар, ал ичтеменин төмөнкү кесилген бөлүктөрүн тигүү тигиштеринин жеринде жайгашкан. Ийин сызыгынын боюнда алтын түстөгү катуу тигилме погондор бекитилет.»;
- 51-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Улуу жетекчилик курамдын офицерлери үчүн:»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 56-1-пункт менен толукталсын жана төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«56-1. Кышкы атайын талаа костюму (күрмө, шым).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.»;
- 57-пункттун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бажы кызматынын полковниги наамындагы кызматкерлер үчүн каралган.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 60-1-пункт менен толукталсын:
«60-1. Күнүмдүк формалык көйнөк
Кочкул көк түстөгү кездемеден тигилген көйнөк, кыска жеңдүү, бүтүн бычылган манжеттери жана каптал тигиштеринин тушунда ийкемдүү тасмалар менен тартылган бүтүн бычылган куру бар. Өңүрүнүн этегине чейин жеткен 5–6 топчулуу илмектүү бекитмеси бар, алардын экөө кур бөлүгүндө жайгашкан. Кайрылма жака, лацкандары бар. Өңүрүндө түз капкалдырыктуу, жабышкак тасма (липучка) менен жабылуучу үстүңкү каптама чөнтөктөр жайгашкан. Арка бөлүгү бүтүн бычылган, кокеткасы бар.»;
- 63-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Шымдын кыры 0,1 см тигиш менен тигилет.»
- 67-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«67. Атайын кышкы кепка
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.»;
- төмөнкү мазмундагы 67-1 -пункт менен толукталсын:
«67-1. Атайын жайкы кепка.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.»;
- төмөнкү мазмундагы 69-1 жана 69-2 -пункттар менен толукталсын:
«69-1 Атайын тактикалык кышкы бут кийим
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
- 69-2-Атайын тактикалык жайкы бут кийим
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.»;
- төмөнкү мазмундагы 76-2-пункт менен толукталсын:
«76-2- Жылууланган кышкы баш кийим
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.»;
- 77-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«77-1. Атайын жайкы кепка
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.»;
- 78-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Улук жетекчи курамдын офицерлери үчүн:»
- 79-пунктта:
аталышындагы «(шымы менен)» деген сөз алып салынсын;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 83-1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бажы кызматынын полковниги наамындагы кызматкерлер үчүн арналган.»;
- төмөнкү мазмундагы 84-1-пункт менен толукталсын:
«84-1 -Кышкы атайын талаа костюму (куртка, шым).
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет»;
- 89 жана 90-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 94-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«94. Атайын кышкы кепка.
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.̲»;
- төмөнкү мазмундагы 96-1 - жана 96-2-пункттар менен толукталсын:
«96-1 Атайын кышкы тактикалык бут кийим
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет.
- 96-2 Атайын жайкы тактикалык бут кийим
Жогорку жетекчилик курам үчүн формалык кийимдин баяндамасына дал келет»;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин форма кийимдерин кийүү эрежелеринин:
15-пунктунда:
- биринчи абзацтагы «фуражка», «фуражканын» деген сөздөрдөн кийин «атайын жайкы кепканын» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Формалык фуражканы парка күрмө, атайын кышкы күрмө, атайын кышкы костюм (бушлат), чолок пальто жана жаз/күз кийилүүчү плащ менен кийүүгө уруксат берилет»;
- төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Жылууланган кышкы баш кийимди кийүү түзүмдүк бөлүнүштөрдүн жана/же бажы органынын башчысынын көрсөтмөсү боюнча, аткарылып жаткан милдеттердин өзгөчөлүгүнө жараша жүзөгө ашырылат, кышкы талаа формасын кийген учурда, аны кулакчындуу тумактын ордуна кийүүгө уруксат берилет.»;
- 25-пункт төмөнкү мазмундагы 3) пунктча менен толукталсын:
«3) кочкул көк түстөгү:
- кыска жеңдүү, үстүнкү топчусу топчуланбаган абалда, галстуксуз, жайкы күнүмдүк форма кийимде — жайкы күнүмдүк шым (юбка) менен кийилет.»;
- төмөнкү мазмундагы 29-1-пункт менен толукталсын:
«29-1 Атайын тактикалык кышкы, жайкы бут кийим атайын формалык кийим менен бирге кийилет.».