Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевдин атын жамынган алдамчылык фактылары тууралуу маалымдайт

16.05.20250

Акыркы убакта Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевдин атын жамынуу менен алдамчылык фактылары катталууда.

Белгисиз адамдар төраганын атынан акча каражаттарын которуу, «долбоорлорго катышуу» же «жардам берүүнүн» башка түрлөрүн камтыган билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө.

Биз расмий түрдө билдиребиз: Алмаз Салиевдин бул билдирүүлөргө эч кандай тиешеси жок. Эч качан жарандарга акча которуу боюнча жеке өтүнүч менен кайрылбайт.

Мындай кайрылуулардын баары жарандарды адаштырууга жана алардын акча каражаттарын ээлеп алууга багытталган алдамчылык аракеттер экенин билдиребиз.

Жарандарга кайрылуу:

– Провокацияга алдырбаңыз

– Шектүү шилтемелерди ээрчибеңиз

– Жеке маалыматтарды жана акча каражаттарын которбоңуз

– Мындай учурларды укук коргоо органдарына жана тиешелүү интернет-платформалардын администрацияларына билдириңиз

Алмаз Салиевдин атынан расмий маалымат такталган жана тастыкталган булактар ​​аркылуу гана жарыяланаарын эскертебиз.