Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө буйрук

19.08.20261

БУЙРУК

ПРИКАЗ

 

13 августа 2026 года № 36-06/319                                                                                                                            Бишкек ш.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - МБК) жөнүндө жобонун 18-пунктунун 8-пунктчасына ылайык, буйрук кылам: 

 

1. Тиркемеге ылайык МБКда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги бекитилсин.

 

2. МБКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана бажы органдарынын башчылары:

- кол алдындагы түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишинде коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча комплекстүү иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылсын;

- кол алдындагы түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин арасында коррупцияга каршы укуктук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатуу, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда, өзгөчө ушул буйрук менен бекитилген Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегинде көрсөтүлгөн иш багыттары боюнча коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүнү камсыз кылсын.

 

3. МБКнын Басма сөз кызматы ушул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитинде жана МБКнын расмий сайтында жарыяласын.

 

4. МБКнын Ички иликтөө башкармалыгы (Н.Алимов): 

- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн;

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча планды иштеп чыгып, аны МБКнын жетекчилигинин кароосуна андан ары бекитүү үчүн киргизүүнү камсыз кылсын.

 

5. МБКнын Иш кагаздарды камсыздоо бөлүмүнүн башчысы ушул буйрук менен МБКнын өздүк курамын тааныштырсын.

 

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо төраганын орун басары Н.Чегирткеевге жүктөлсүн.

 

7. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төраганын милдетин убактылуу аткаруучу                                                                                            У.Кимсанов

 

 

Тиркеме

КР МКга караштуу МБКнын

2026-ж. «13» 08

№ 36-06/319

буйругу менен бекитилди

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында

(мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы)

коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын

ТИЗМЕГИ

 

Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу)

Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер)

Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык

Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору)

Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы

Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары

Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү)

Функциянын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө

1

Бажылык тариздөө, Бажылык тариздөө борборунун/Бажылык процесстер борборунун (БТБ/БПБ) бажылык тариздөө жайларында (БТЖ) товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык кароо/текшерип кароо

Мыйзамдарда каралган бажылык контролдун формаларын жүргүзбөстөн же аныкталган бузуулар болгон учурда товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөөнү негизсиз аяктоо, бажылык тариздөө документтерине жалган маалыматтарды киргизүү, бажылык текшерип кароону жүргүзбөө же аны формалдуу жүргүзүү, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында аныкталган бузууларга бөгөт коюу боюнча чараларды көрбөө.

Системалуу (реалдуу)

Жогору

Бажы органдарынын

БТЖ

Инспектордук курам, кезмет башчылары, БТБ/БПБ башчылары

Белгиленген эмес (бажы органдарынын ишмердигине мүнөздүү)

2

Товарларды, ошондой эле коштолуучу/коштолбогон жүктү (кол жүгү) алдын ала бажылык жол-жоболор жүргүзүлүүчү жайларда/өткөрүү пункттарында (ААБЖ) бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн белгиленген эрежелерин сактоо

Товарларды, транспорт каражаттарын, коштолгон же коштолбогон жүктү мыйзамдарда каралган бажылык контролдун формаларын жүргүзүүдөн негизсиз бошотуу, объективдүү негизсиз бажылык контролдоо чараларын тандап колдонуу, текшерип кароону формалдуу жүргүзүү, аныкталган бузуулар боюнча чараларды көрбөө же жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында бажылык контролдоо документтерине жалган маалыматтарды киргизүү

Системалуу (реалдуу)

Жогору

Бажы органдарынын алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайлары

Инспектордук курам, кезмет башчылары

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (биргелешкен контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө)

3

Алып келинген товарлардын бажылык наркын аныктоо жана контролдоо

Берилген маалыматтардын аныктыгына мыйзамдар менен каралган текшерүү   жүргүзбөстөн товарлардын билдирилген бажылык наркын негизсиз кабыл алуу, бажылык наркты аныктоонун белгиленген ыкмаларын колдонбоо, бажылык наркты оңдоодон негизсиз баш тартуу же жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында алдын ала анык эмес документтердин негизинде чечим кабыл алуу

Системалуу (реалдуу)

Жогору

Бажы органдарынын БТЖ

Инспекторлор, бөлүмдөрдүн башчылары

Милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөгө таасир этүүчү нарктык көрсөткүчтөрдү туура аныктоону контролдоону, ошондой эле берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар.

4

ТЭИ ТН боюнча товарларды классификациялоо, анын ичинде классификациялык чечимдерди кабыл алуу

Жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында классификациялык чечимди негизсиз кабыл алуу, ЕАЭБ ТЭИ ТН талаптарын бузуу менен товардын кодун өзгөртүү, товарды классификациялоого таасир этүүчү изилдөөлөрдүн, экспертизалардын же башка документтердин жыйынтыктарын эске албоо

Системалуу (реалдуу)

Жогору

Бажы органдарынын БТЖ, Төлөмдөрдү эсепке алуу жана статистика бөлүмү (ТЭАжСБ)

БТЖнын инспектордук курамы, бажы органдарынын профилдик бөлүмдөрүнүн инспектордук курамы жана бөлүм башчылары

Жок (товарларды ЕАЭБ ТЭИ ТН боюнча классификациялоо жана классификациялык чечимдерди кабыл алуу бажы органдарынын ыйгарым укуктарына кирет).

5

Бажылык төлөмдөрдү эсептөө, өндүрүү жана кайтарып берүү, анын ичинде ашыкча өндүрүлгөн суммаларды кайтарып берүү

Ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) бажылык төлөмдөрдү кайтарып берүү жөнүндө арыздарды кароодо, берилген документтерди текшерүүдө жана мыйзамдарда каралган негиздер жок болгон учурда карызды кайтарып берүү, эсепке алуу же эсептен чыгаруу үчүн негиздердин бар экендигин аныктоодо негизсиз чечим кабыл алуу, бажылык төлөмдөр боюнча карыздарды өндүрүү боюнча чараларды көрбөө, карызды кайтарып берүү же эсептен чыгаруу үчүн негиз болуп саналган документтерге жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Кырдаалдык

Орточо

Бажы органдарынын БТЖ, ТЭАжСБ

Инспекторлор, бажы органдарынын профилдик бөлүмдөрүнүн башчылары

Милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнү жана төлөөнү контролдоону, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген негиздер болгон учурда акча каражаттарын кайтарып берүү же эсепке алуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар.

6

ЕАЭБдин укугу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган бажылык төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды ырастоо

Жеке же башка кызыкчылыктародан улам бажылык төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди жана преференцияларды колдонуу укугун негизсиз ырастоо же ырастоодон баш тартуу, анык эмес же толук эмес документтердин негизинде чечимдерди кабыл алуу, жеңилдиктерди берүүнүн шарттарынын сакталышын текшерүү боюнча чараларды көрбөө

Системалуу (реалдуу)

Жогору

Бажы органдарынын профилдик бөлүмдөрү (ТЭАжСБ, Бажы контролу бөлүмү, БТЖ)

Бажы органдарынын профилдик бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары

Мыйзамдарда каралган жеңилдиктерди, бошотууларды же башка артыкчылыктарды колдонуу укугун ырастоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

7

Товарлар чыгарылгандан кийинки бажылык контролду, бажылык текшерүүлөрдү, пландуу жана пландан тышкаркы ревизияларды, ошондой эле МБКнын ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук иш-чараларды жүргүзүү

ТЭИ катышуучуларын бажылык текшерүүлөр планына негизсиз киргизүү же чыгаруу, контролдоо объектилерин объективдүү критерийлерсиз тандоо, аныкталган бузуулар боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө, текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын бурмалоо же аныкталган бузууларды жеке же башка кызыкчылыктан улам жашыруу

Системалуу (реалдуу)

Орточо

МБКнын Контролдук-текшерүү бөлүмү, МБКнын Бажыдан кийинки контролдоо башкармалыгы, бажы органдарынын Бажы контролу бөлүмү (БКБ), БТЖ

Инспекторлор, бөлүмдөрдүн башчылары

Контролдук жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу, текшерүүлөрдү жүргүзүүчү жана контролдук иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алуучу мамлекеттик органдар.

8

Кызматтык иликтөөлөрдү, кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү

Кызматтык иликтөөнү же кызматтык текшерүүнү объективдүү эмес жүргүзүү, жасалган тартиптик жоруктун жагдайларын жашыруу же бурмалоо, иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча чараларды көрбөө, жеке же башка кызыкчылыктан улам айрым кызмат адамдарынын кызыкчылыгы үчүн чечим кабыл алуу

Системалуу (реалдуу)

Жогору

МБКнын Ички иликтөө башкармалыгы

Жетекчилер (башчы, башчынын орун басары) жана ИИБдин ыкчам курамы

Кызматтык текшерүүлөрдү, иликтөөлөрдү жүргүзүүчү жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонгон мамлекеттик органдар.

9

МБКнын ыйгарым укуктарынын чегинде укук коргоо ишмердигин жүргүзүү

Контрабанданын жана бажы мыйзамдарынын башка бузууларынын аныкталган белгилери боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө, материалдарды текшерүүнү негизсиз токтотуу, аныкталган бузуулар жөнүндө маалыматтарды жашыруу, жеке же башка кызыкчылыктан улам материалдарды мыйзамсыз өткөрүп берүү же күнөөлүү адамдардын жоопкерчиликтен качуусуна шарттарды түзүү

Системалуу (реалдуу)

Жогору

МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы, бажы органдарынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууларга каршы күрөшүү бөлүмдөрү, Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү бөлүмдөрү

Ыкчам курам, ыкчам бөлүмдөрдүн жетекчилери

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары (материалдар жана текшерүүлөр боюнча өз ара аракеттенүүдө)

10

МБКнын компетенциясына кирген иштер боюнча тергөө жана иликтөө жүргүзүү

Кылмыш ишин негизсиз токтотуу же кылмыш-процессуалдык мыйзамдарда каралган чечимди кабыл алуудан баш тартуу, тергөөнүн мөөнөттөрүн создуктуруу, далилдерди жашыруу же жок кылуу, жеке же башка кызыкчылыктан улам кылмыш иштин толук, ар тараптуу жана объективдүү тергелишин  камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө

Системалуу (реалдуу)

Жогору

МБКнын Тергөө башкармалыгы, бажы органдарынын бажылык иликтөө  бөлүмдөрү

Тергөөчүлөр, ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлери

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары (кылмыш иштери боюнча өз ара аракеттенүүдө)

11

Товарларды чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу жана бажылык контролдун формаларын аныктоо

Бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө, берилген документтерди текшерүүдө жана бажылык контролдун формаларын аныктоодо мыйзамдарда каралган негиздер жок болгон учурда товарларды чыгаруу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу, бажылык контролдун формаларын объективдүү негизсиз колдонбоо же тандап колдонуу, жеке же башка кызыкчылыктан улам з0Ф товарларды мыйзамдарда каралган бажылык контролдун формаларын жүргүзүүдөн негизсиз бошотуу.

Потенциалдуу

Орточо

Бажы органдарынын БТБ/БПБ, БББ БТЖлары

Инспектордук курам, кезмет башчылары, БТБ/БПБ, БББ башчылары

Берилген документтерди жана маалыматтарды баалоонун негизинде укуктарды берүү же чектөөлөрдү колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу менен байланышкан уруксат берүүчү жана контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

12

Товарларга бажылык экспертиза дайындоо жана жүргүзүү

Экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө маселени кароодо, изилдөөнүн объектисин жана суроолорун аныктоодо, эксперттик мекемени же эксперти тандап алууда товарларга бажылык экспертизаны негизсиз дайындоо же дайындоодон баш тартуу, экспертизанын анык эмес же толук эмес жыйынтыктарынын негизинде чечим кабыл алуу, жеке же башка кызыкчылыктан улам бажылык чечимдерди кабыл алууда экспертизанын жыйынтыктарын эске албоо.

Потенциалдуу

Орточо

Бажы органдарынын БТЖ, экспертиза дайындоого ыйгарым укуктуу бажы органдарынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү

Инспектордук курам, бажылык экспертизаны дайындоо жөнүндө чечим кабыл алуучу кызмат адамдары, тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери

Башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда экспертизаларды, изилдөөлөрдү дайындоону жана жүргүзүүнү же адистердин корутундуларын баалоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар.

13

Валютаны жана валюталык баалуулуктарды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө контролдук жүргүзүү

Валютаны жана валюталык баалуулуктарды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө мыйзамдарда каралган бажылык контролдун формаларын негизсиз колдонбоо, документтерди көрсөтүүдөн же валютаны декларациялоодон негизсиз бошотуу, бажылык контролдун документтерине анык эмес маалыматтарды киргизүү, жеке же башка кызыкчылыктан улам мыйзам талаптарынын бузулушу аныкталганда чараларды көрбөө.

Потенциалдуу

Орточо

Бажы органдарынын өткөрүү пункттары (АБЖЖ)

Инспектордук курам, кезмет башчылары

Акча каражаттарын, валюталык баалуулуктарды өткөрүүдө жана милдеттүү маалыматтарды берүүдө мыйзам талаптарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар.

14

Товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын контролдоо

Белгиленген тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталбагандыгы аныкталганда бажылык контролдоо чараларын негизсиз колдонбоо, мыйзам талаптарынын сакталышын ырастаган документтерди каралган документтер жок болгон учурда же бузуулар болгон учурда негизсиз кабыл алуу, дал келбестиктер аныкталганда мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө, жеке же башка кызыкчылыктан улам бажылык контролдун документтерине анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Потенциалдуу

Орточо

БТЖ, бажы органдарынын өткөрүү пункттары (АБЖЖ), бажылык контролдоо бөлүмдөрү

Инспектордук курам, кезмет башчылары, бажылык контролдоо бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары

Жөнгө салынуучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууда мыйзамдарда белгиленген талаптардын, чектөөлөрдүн жана шарттардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар.

15

МБКда тобокелдиктерди башкаруу системасын (ТБС) колдонуу, тобокелдик деңгээлин жана тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды аныктоо

ТЭИ катышуучуларын категорияларга бөлүүдө жана тобокелдиктердин профилдерин түзүүдө тобокелдик деңгээлин негизсиз аныктоо, айрым тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын кызыкчылыгында тобокелдик профилдерин негизсиз өзгөртүү же түзүү, белгиленген критерийлерди эске албастан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды тандоо, бул жеке же башка кызыкчылыктан улам бажылык контролдун негизсиз төмөндөтүлүшүнө же күчөтүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Системалуу  (реалдуу)

Жогору

Бажылык тобокелдиктерди башкаруу

БТБ башчысы, БТБ башчысынын орун басары, тобокелдиктерди талдоого, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын категорияларга бөлүүгө жана тобокелдик профилдерин иштеп чыгууга катышкан кызматкерлер

Контролдук жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда тобокелдиктерди башкаруу системаларын колдонгон мамлекеттик органдар.

16

Бажы төлөмдөрүн төлөөнү кийинкиге жылдыруу (бөлүп төлөө) мүмкүнчүлүгүн берүү жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу каражаттарын кайтарып берүү

Мыйзамдарда каралган негиздер жок болгон учурда бажы төлөмдөрүн төлөөнү кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү негизсиз берүү, анык эмес же толук эмес документтердин негизинде чечим кабыл алуу, кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүдөн негизсиз баш тартуу, жеке же башка кызыкчылыктан улам бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууну негизсиз кайтарып берүү.

Потенциалдуу

Орточо

Бажы органдарынын БТЖ, бажы органдарынын ТЭАжС бөлүмдөрү, кийинкиге жылдыруу (бөлүп төлөө) жана камсыздоону кайтаруу маселелери боюнча документтерди кароого жана чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу бажы органдарынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү

Инспектордук курам, тиешелүү бөлүмдөрдүн кызмат адамдары, чечим кабыл алуучу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери

Көрсөтүлгөн документтердин негизинде кийинкиге жылдырууларды, бөлүп төлөөлөрдү берүүнү, акча каражаттарын кайтарып берүүнү же финансылык жеңилдиктерди колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар.

17

Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын (бажыга байланыштуу инфраструктуранын субъекттеринин) ишмердигин контролдоо

Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрлерине киргизилген жактарга карата белгиленген талаптардын сакталышын текшерүүдө, берилген документтерди кароодо жана контролдук иш-чаралардын жыйынтыктарын тариздөөдө контролдук иш-чараларды формалдуу же тандалма түрдө жүргүзүү, контролдук иш-чаралардын жыйынтыктарын толук эмес чагылдыруу же бурмалоо, аныкталган бузууларды жашыруу, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында контролдун жыйынтыктары боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө.

Кырдаалдык

Орточо

МБКнын Бажылык контролду уюштуруу башкы башкармалыгы (БКУББ), бажы органдарынын БК бөлүмдөрү

МБКнын БКУББнын жана бажы органдарынын БК бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары

Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине карата уруксат берүүчү, каттоо жана контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

Функциянын түрү: жөнгө салуу

18

Бажы иши чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана илгерилетүү боюнча иштерди уюштуруу

Бажы иши чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо, аларга өзгөртүүлөрдү жана сунуштарды киргизүү, мында кызмат адамдарынын дискрециялык ыйгарым укуктарын негизсиз кеңейтүүнү, административдик тоскоолдуктарды түзүүнү же жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын айрым категорияларына артыкчылыктарды берүүнү караштырган аракеттер.

Кырдаалдык

Төмөн

МБКнын Борбордук аппаратынын (БА) түзүмдүк бөлүмдөрү

МБК БАнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары

Ченем жаратуу ишин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү

19

Жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо

Кайрылууну каттоодон же кароодон негизсиз баш тартуу, мыйзамдарда белгиленген кайрылууларды кароонун кезегин бузуу, атайылап толук эмес же анык эмес маалымат берүү, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында арыз ээсинин жүйөлөрү боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө

Потенциалдуу

Орто

МБКнын БАнын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү, бажы органдары

Кайрылууларды караган кызмат адамдары

Жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын караган мамлекеттик органдар

Функциянын түрү: уруксат берүү жол-жоболору

20

Уруксат берүүчү документтерди берүү, анын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин (жазуу жүзүндө) жана бажыга байланыштуу чөйрөнүн реестрлерине киргизилгендиги жөнүндө күбөлүктөрдү; бажы операциялары боюнча адистердин квалификациялык күбөлүктөрүн берүү

Жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин, бажыга байланыштуу чөйрөнүн тиешелүү реестрлерине киргизүү жөнүндө күбөлүктөрдү же бажы операциялары боюнча адистердин квалификациялык күбөлүктөрүн алуу үчүн берилген документтерди кароодо чечимди, көрсөтүлгөн документтерди берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди негизсиз кабыл алуу, анык эмес же толук эмес документтердин негизинде чечим кабыл алуу, документтерди кароо мөөнөттөрүн жасалма түрдө создуктуруу, белгиленген талаптарга аныкталган ылайык келбестиктер боюнча чараларды көрбөө.

Системалуу  (реалдуу)

Орточо  

МБКнын Бажы контролун уюштуруу башкы башкармалыгы, Адистештирилген окутуу бажысы (АОБ), бажы органдарынын БКБ

Тиешелүү чечимдерди жана күбөлүктөрдү берүү жөнүндө чечим кабыл алуучу бөлүмдөрдүн кызмат адамдары

Уруксат берүүчү функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

Функциянын түрү: башка функциялар

21

МБКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунда МБКнын жана бажы органдарынын кызыкчылыктарын коргоо

МБКнын же бажы органынын өкүлү тарабынан укуктук позицияны даярдоодо, Кыргыз Республикасынын сотторунда кызыкчылыктарды коргоодо жана процесстик укуктарды ишке ашырууда же жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында МБКнын/бажы органынын жетекчилиги менен макулдашпастан, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы өз алдынча процесстик аракеттерди жасоо, анын ичинде доо талаптарынан негизсиз баш тартуу, доону таануу, элдешүү келишимин түзүү, зарыл далилдерди бербөө, процесстик мөөнөттөрдү өткөрүп жиберүү, сот актыларына даттанбоо башка процесстик аракеттерди жасоо.

Кырдаалдык

Орточо

Кыргыз Республикасынын сотторунда өкүл катары иш алып барган МБКнын/бажы органынын юридикалык бөлүмдөрү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери

Кыргыз Республикасынын сотторунда өкүл катары чыккан МБКнын юридикалык бөлүмдөрүнүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн/бажы органынын жетекчилери жана кызматкерлери

Соттордо өкүлчүлүктү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, сот органдары

22

Кадрдык жол-жоболор (дайындоо, которуу, сыйлоо, аттестациялоо)

Кызматкерлерди дайындоо, которуу, кадрлар резервине киргизүү, сыйлоо, дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу же аттестациялоо жөнүндө чечимдерди мыйзамдардын талаптарын бузуу менен кабыл алуу, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында конкурстук жол-жоболордун жыйынтыктарын жана кесиптик сапаттарды баалоонун натыйжаларын негизсиз өзгөртүү

Системалуу (реалдуу)

Жогору

Кадрдык бөлүмдөр

Кадрдык бөлүмдөрдүн кызматкерлери, бөлүмдөрдүн жетекчилери

Кадрдык жол-жоболорду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

23

Мамлекеттик сатып алуулар (сатып алууларды пландаштыруу, сатып алуу жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү, конкурстук арыздарды кароо жана баалоо, келишимдерди түзүү жана аткаруу)

Сатып алууларды планга негизсиз киргизүү же алып салуу, сатып алууларды жасалма түрдө бөлүктөргө бөлүү, конкреттүү жеткирүүчүгө ылайыкташтырылган техникалык талаптарды жана квалификациялык критерийлерди түзүү, атаандаштыкты негизсиз чектөө, конкурстук арыздарды объективдүү эмес кароо жана баалоо, сатып алууга катышуучуларды негизсиз четке кагуу же жол берүү, айрым жеткирүүчүлөргө артыкчылыктарды берүү, бир булактан сатып алууну негизсиз колдонуу, сатылып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулатуу, келишимдин олуттуу шарттарын негизсиз өзгөртүү, белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү объективдүү эмес кабыл алуу, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында келишимдик милдеттенмелердин аткарылышындагы аныкталган бузуулар боюнча чараларды көрбөө.

Системалуу (реалдуу)

Жогору

АОБ

Конкурстук комиссиялардын мүчөлөрү, сатып алуулар боюнча адистер, жетекчилер

Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

24

Мамлекеттик мүлктү башкаруу

Мамлекеттик мүлктү мыйзамдардын талаптарын бузуу менен негизсиз ижарага берүү, акысыз пайдаланууга берүү же аны башкача түрдө тескөө, мүлктү мыйзамсыз эсептен чыгаруу, анын наркын төмөндөтүү, мүлктүн жоголуу же бузулуу фактыларын жашыруу, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрбөө

Системалуу (реалдуу)

Жогору

Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмдөрү

Жооптуу кызмат адамдары, бөлүмдөрдүн жетекчилери

Мамлекеттик мүлктү башкарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

25

МБКнын маалыматтык системаларына жеткиликтүүлүктү берүү

МБКнын маалыматтык системаларына уруксатсыз жетүү укуктарын берүү же кеңейтүү, автоматташтырылган маалыматтык системаларда камтылган маалыматтарды өзгөртүү, өчүрүү же жашыруу, анык эмес маалыматтарды киргизүү, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында үчүнчү жактардын уруксатсыз жетүүсү үчүн шарттарды түзүү

Системалуу (реалдуу)

Жогору

Маалыматтык системаларды техникалык колдоо бөлүмдөрү

Тутумдун администратору, IT-адис, бөлүмдүн жетекчиси

Мамлекеттик маалыматтык системаларды пайдаланган мамлекеттик органдар

26

Финансылык ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу: бюджеттик каражаттарды башкаруу, субсидияларды, гранттарды, кредиттерди, жеңилдиктерди жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүн берүү, ошондой эле алардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо

МБКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда бюджеттик ассигнованиелерди негизсиз бөлүштүрүү, мыйзамдарда каралган негиздер жок болгон учурда чыгымдарды каржылоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүгө таасир этүүчү маалыматтарды бурмалоо, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында алардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча чараларды көрбөө

Системалуу (реалдуу)

Жогору

МБКнын Финансылык-экономикалык башкармалыгы (ФЭБ), АОБ

Жооптуу кызмат адамдары, бөлүмдөрдүн жетекчилери

Бюджеттик каражаттарды пландаштырууну жана пайдаланууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар

27

Бажы органдарынын көзөмөлүндө турган кармалган жана алып коюлган товарларга тескөө жүргүзүү

Кармалган жана алып коюлган товарларды эсепке алуу, сактоо, баалоо жана аларды сатуу же башкача тескөө жөнүндө чечимдерди кабыл алуу учурунда мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен негизсиз тескөө, товарларды үчүнчү жактарга мыйзамсыз өткөрүп берүү, товарлардын жоголуу же бузулуу фактыларын жашыруу, аларды сатууда же башкача тескөөдө товарлардын наркын төмөндөтүү, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында товарлардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө.

Потенциалдуу

Орточо

Кармалган жана алып коюлган товарларды сактоо, эсепке алуу жана тескөө үчүн жооптуу бажы органдарынын бөлүмдөрү

Кармалган жана алып коюлган товарларды эсепке алуу, сактоо жана тескөө үчүн жооптуу бажы органдарынын кызмат адамдары, тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери

Кармалган, алып коюлган же мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн мүлктү эсепке алууну, сактоону, сатууну же башкача тескөөнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар.

28

Финансылык-чарбалык ишмердүүлүккө финансылык контроль жүргүзүү

Финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү текшерүүдө, берилген документтерди талдоодо жана контролдук иш-чаралардын жыйынтыктарын тариздөөдө финансылык контролду объективдүү эмес жүргүзүү, аныкталган бузуулар жөнүндө маалыматтарды жашыруу же бурмалоо, жеке же башка кызыкчылыктын натыйжасында жүргүзүлгөн контролдук иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча чараларды көрбөө.

Кырдаалдык

Орточо

МБКнын ФЭБ, белгиленген компетенциянын чегинде МБКнын башка түзүмдүк бөлүмдөрү

МБКнын ФЭБ кызмат адамдары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, финансылык контролду жүргүзүүгө жана контролдук иш-чаралардын жыйынтыктарын кароого катышкан кызмат адамдары

Финансылык контролду жана финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар.