Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында жүрүү эрежелери жөнүндө эскертүү

18.09.20250

Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Өзбекстан Республикасынын аймагында болгон учурда жергиликтүү мыйзамдарды билүү жана сактоо өтө маанилүү.

Мыйзамдарды билбегендик жоопкерчиликтен бошотпойт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Өзбекстан Республикасында убактылуу болушунун тартиби:

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда
60 күндүк визасыз режим орнотулган.

Өзбекстан Республикасында болуу тартибине ылайык, Кыргызстандын жарандары убактылуу жашоочу жайга келгенден кийин үч күндүн ичинде Өзбекстан Республикасынын жергиликтүү ички иштер органдарында (ОВИР) убактылуу каттоого туруу зарыл.

Өзбекстан Республикасында болуу эрежелерин бузган учурда жарандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат («Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Өзбекстан Республикасынын Кодексинин 225-беренеси, негизги эсептик көрсөткүчтүн бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет (1 НЭК болжолдуу 30 АКШ долларына барабар).

Өзбекстанга алып кирүүгө тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын тизмеси:

Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 12.11.2015-жылдагы №330 токтомуна ылайык, Өзбекстан Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган баңги каражаттарынын, ошондой эле жүгүртүүсү чектелген баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын, прекурсорлордун тизмеси (тыюу салынган баңги каражаттарынын тизмеси) бекитилген.

Белгилей кетсек, ФЕНАЗЕПАМ жана башка ушул сыяктуу дарылар баңги каражаттарынын курамына кирет жана аларга Өзбекстан Республикасында жүгүртүүгө ТЫЮУ САЛЫНГАН. Мындан тышкары, саякатка өзү менен кошо баңги, күчтүү таасир берүүчү, психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди жана биологиялык активдүү кошулмаларды (Баклозан, Циклодол, Клефедрон, Трамадол, Тебантин, Tawon Liar (Тавон Лиар) ж.б.)  жана ушул сыяктуу дарыларды алып жүрбөө керек.

Өзбекстанга тыюу салынган дары-дармектерди алып келген жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!

Өзбекстандын аймагына айрым товарларды жана буюмдарды ташып келүү/экспорттоо эрежелери жөнүндө маалымат:

100 000 000 (жүз миллион) сумга (7940 АКШ долларына) эквиваленттүү суммадан ашкан нак чет өлкө валютасы декларациялоо жана бажы органынын кызматкерине көрсөтүү жолу менен бажы көзөмөлүнө алынат.

Көрсөтүлгөн суммадан ашык каражат декларацияланбаган учурда Өзбекстандан алып чыгууга тыюу салынат.

Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 182-беренесине ылайык, Өзбекстан Республикасынын бажы чегарасы аркылуу бажы контролунан тышкары же жашыруу менен, же болбосо декларацияланбоого же жалган аталышты декларациялоого байланыштуу акчаны алып өтүү үчүн жарандар ири өлчөмдө айып салынат же 8 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, улуттук жана руханий баалуулуктарды, менчик укуктарын сактоо максатында Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик жана коомдук тартибине, аймактык бүтүндүгүнө, саясий көз карандысыздыгына жана мамлекеттик эгемендигине шек келтирүүгө, согушту, улуттук кастыкты (антисемитизм, фашизм), диний кастыкты козутууга, терроризмге, диний кастыкты жана экстремизмди пропагандалоого багытталган басма продукцияларын, кол жазмаларды, клишелерди, чиймелерди, фотосүрөттөрдү, кинофильмдерди, негативдерди, кино, видео жана аудиопродукцияларды, патефондук жазууларды, аудиоматериалдарды, ошондой эле порнографиялык мазмундагы материалдарды Өзбекстанга алып кирүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасынын Президентинин чечимдеринин жана Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун негизинде лицензиялар боюнча берилүүчү экспорттук-импорттук атайын товарлардын тизмеси бекитилген, ага төмөнкү товарлар кирет:

1. Курал-жарак жана аскердик техника, аларды жасоо үчүн атайын тетиктер;

2. Урандын жана башка радиоактивдүү заттардын, алардан жасалган буюмдардын жана башка радиоактивдүү заттардын калдыктары;

3. Радиоактивдүү заттарды колдонуучу приборлор жана жабдуулар;

4. Баалуу металлдар жана алардан жасалган башка буюмдар.

Ошону менен бирге:

- Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1998-жылдын 15-майындагы №213 токтому менен этил спиртин транспорттун бардык түрүндө колдонууга тыюу салынган;

- Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2013-жылдын 20-февралындагы №50 токтому менен лазердик орнотууларга тыюу салынган;

- Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2007-жылдын 16-августундагы №176 токтому менен акчалай утуштары бар оюн автоматтарына тыюу салынган;

- Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №658 токтому менен учкучсуз учуучу аппараттарды алып кирүүгө тыюу салынган.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 20-июлунан тартып Өзбекстан Республикасында жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирген.

Жаңы жобого ылайык, жеке колдонуу үчүн бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген товарлардын наркы:

аба менен - 1000 АКШ долларына чейин;

темир жана суу жолдору менен - 500 АКШ долларына чейин;

чек арадан автоунаада жана жөө өтүүдө - 300 АКШ долларына чейин.

Бирок, бул артыкчылыктар колдонулбаган чектөөлөр бар:

- эгерде темир жол, суу же автомобиль транспорту менен келген адам чет өлкөдө 2 календардык күндөн аз болсо;

- эгерде аба транспорту менен келген адам чет өлкөдө 3 календардык күндөн аз болсо.

Мындай учурларда товарлар коммерциялык максатта ташылып келинген деп эсептелет жана алардын толук наркынан 30% өлчөмүндө бирдиктүү бажы төлөмү алынат.

Өзбекстан Республикасында жөнгө салынуучу заттардын тизмеси: жүгүртүүгө тыюу салынган баңги каражаттары; жүгүртүүсү чектелген баңги каражаттары; жүгүртүүсү чектелген психотроптук заттар; жүгүртүүсү чектелген прекурсорлор.