Кыргызстан менен Азербайжандын бажы кызматтары санариптик чечимдер жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүдө
24.11.20259
2025-жылдын 17-ноябрынан 20-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын делегациясы бажылык администрациялоодо заманбап санариптик чечимдерди ишке ашырууну изилдөө үчүн Азербайжан Республикасына барды.
Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Азербайжан Республикасынын бажы органдарында электрондук бажы декларациялоо системасы, тобокелдиктерди башкаруу системасы, төлөм шлюзу, киберкоопсуздук механизмдери жана келип түшкөн декларацияларды бөлүштүрүү системасы менен таанышты.
Улуттук «Бирдиктүү терезе» системаларынын өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду. Эки өлкөнүн «Бирдиктүү терезе» системаларынын өкүлдөрү бажы жагынан жол-жоболоштуруу процессине санариптик куралдарды интеграциялоо боюнча практикалык кадамдарды талкуулоо үчүн жолугушту.
Сапардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын бажы кызматтарынын ортосунда маалымат алмашуу үчүн протоколду жана техникалык мүнөздөмөлөрдү даярдоо жана кол коюу боюнча макулдашуу жетишилди. Ошондой эле Тараптар эки өлкөнүн «Бирдиктүү терезе» системаларынын ортосунда келип чыгуу сертификаттарын электрондук түрдө алмашууну уюштуруу ниетин ырасташты.
Жумушчу сапардын жыйынтыктары эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо, санариптик чечимдерди иштеп чыгууда жана бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болот.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)


