Кыргызстанда массалык кыргын салуучу куралдын коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча тренинг өттү

10.06.20250

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын «Адистештирилген окутуу» бажысында массалык кыргын салуучу куралдарды (МКК) аныктоо жана жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык окутуунун үчүнчү цикли аяктады.

 Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Окутууну экспорттук көзөмөл жана иликтөө чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер – Г.Дроганов, Билл Фланаган жана Джон Чоински өткөрүштү. Окутуу АКШ элчилигинин колдоосу менен Коркунучтарды кыскартуу агенттиги (DTRA) менен кызматташунун алкагында уюштурулган.

 Программада төмөнкүлөр камтылган:

— массалык кыргын салуучу куралды аныктоо жана аны жайылтуу тармактарына каршы аракеттенүү ыкмаларын изилдөө».

— чек арада тез чара көрүүнүн сценарийлерин иштеп чыгуу

— ведомстволор аралык кызматташуу боюнча тажрыйба алмашуу

Максаты - кооптуу заттардын жана технологиялардын мыйзамсыз өткөрүлүүсүнө каршы күрөшүүдө улуттук потенциалды күчөтүү, ошондой эле профилдик адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн кош багыттагы колдонулуучу товарларды баалоонун жана идентификациялоонун заманбап механизмдерин өздөштүрүү.