Кыргызстандын бажы органдарында коррупцияга каршы биргелешкен мониторинг жүргүзүлүүдө
28.10.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, бизнес үчүн тоскоолдуктарды жоюу жана бажы жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында мониторинг жүргүзүлүүдө.
Мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын аткарууда жүргүзүлүп жатат.
2026-жылдын 19–23-октябрында Ош шаарындагы «Достук» эл аралык өткөрүү пунктунда мониторинг жүргүзүлдү. Ал эми 26–29-октябрында Түндүк-Чыгыш бажысында («Кант» бажылык тариздөө жайы) ушундай эле иштер жүргүзүлдү.
Мониторинг жүргүзүүчү топтун курамына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин Катчылыгынын эксперти Артур Ташибеков, ошондой эле жарандык сектордун жана Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын (УБАА) өкүлдөрү кирди.
Эксперттер бажы мыйзамдарынын сакталышын, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана бажы объекттеринин техникалык жабдылышын баалашууда. Ошондой эле коррупцияга каршы стандарттар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик бажы кызматы жарандык коом жана бизнес менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө ачык экенин белгилейт. Мониторингдин жыйынтыктары бажы администрациялоосун өркүндөтүүгө, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана бажы органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталат.
.jpeg)
.jpeg)