Кыргызстандын МБК жана Өзбекстандын Бажы комитети эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүдө

12.10.20260

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 2026-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында өткөн 12-жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосунда 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү жол картасына кол коюлду.

Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, бажылык контролдоону өркүндөтүүгө, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана бажылык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

“Бир аялдама” принцибин киргизүүгө, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду өз ара таанууну өнүктүрүүгө, контрабандага каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле тажрыйба алмашууга жана кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жол картасын ишке ашыруу эки мамлекеттин бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого, бажылык администрациялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.