МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮ
17.11.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы учурда маалыматтык системанын ишинде убактылуу техникалык мүчүлүштүктөр байкалып жатканын маалымдайт. Буга байланыштуу айрым бажы операцияларын жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
Тиешелүү адистер келип чыккан мүчүлүштүктөрдү жоюу жана системанын туруктуу иштөөсүн калыбына келтирүү боюнча зарыл техникалык иштерди жүргүзүүдө.
Маалыматтык системанын ишин мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүү жана бажы операцияларын жүргүзүүдөгү мүмкүн болуучу кечигүүлөрдү азайтуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.