Мамлекеттик бажы кызматы 100 күнгө кыска мөөнөттүү иш-чаралар планын бекитти

12.03.20250

Мамлекеттик бажы кызматы кыска мөөнөттө максималдуу натыйжаларга жетишүүгө багытталган жакынкы 100 күнгө карата иш-аракеттердин комплекстүү планын иштеп чыкты жана бекитти. Негизги артыкчылыктарга бажы жол-жоболорун тездетүү жана жөнөкөйлөтүү, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү кирет.

Пландын алкагында МБКнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга,  коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга жана бажы системасын модернизациялоого багытталган бир катар негизги иш-чаралар каралган. Тактап айтканда, бажы процесстерин автоматташтыруу, анын ичинде интеллектуалдык өткөрүү пунктун киргизүү боюнча бир катар долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

Бажы инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жаңы убактылуу сактоо кампаларын (УСК) жана бажы тариздөө жайларды (БТЖ) ачуу, ошондой эле өткөрүү пункттарын кеңейтүүнү, реконструкциялоону жана курууну баштоо пландаштырылган.

Мындан тышкары, МБКнын кадрларын кесиптик өнүктүрүүгө карата мамилелерди кайра карап чыгуу каралган, бул кызматкерлердин компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле бажы органдарынын иши жөнүндө калкка маалымдоону күчөтүү  маанилүү милдет болуп саналат.

Бул планды ишке ашыруу заманбап талаптарга жана эл аралык стандарттарга ылайык келген ачык-айкын, натыйжалуу жана ыңгайлуу бажылык башкаруу системасын түзүүгө карай маанилүү кадам болуп калат. Негизги максат – тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн ыңгайлуу жана ачык-айкын шарттарды камсыз кылуучу контролдон тейлөөгө багытталган ыкмага өтүү болуп саналат.