Мамлекеттик бажы кызматы электромобилдерди алымсыз ташып келүүнүн лимити жакындап калганын маалымдайт
05.09.20250
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын аймагына электромобилдерди алымсыз ташып келүүнүн белгиленген сандык чеги жакындап калганы тууралуу билдирет.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 Чечиминин 7.1-пунктунун 7.1.38-пунктчасына ылайык ЕАЭБ ТЭТ ТН 8703 80 000 2 коду боюнча классификацияланган электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттары импорттук лимиттердин чегинде бажы алымдарынан бошотулат:
• 2022-жылы 5 миң бирдик,
• 2023-жылы 10 миң бирдик,
• 2024-жылы 10 миң бирдик,
• 2025-жылы 10 миң бирдик.
2025-жылдын 2-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын аймагына 8 558 миң электр унаасы алынып келинди. Белгиленген чекке жеткенден кийин электромобилдерди андан ары ташып келүү алардын бажы наркынан 15% өлчөмүндө ташып келүү бажы алымдарын төлөө менен ишке ашырылат.