Мамлекеттик бажы кызматы менен Азия өнүктүрүү банкы БАРЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча комитетинин 24-отурумун өткөрдү
05.09.20250
2025-жылдын 3-4-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен биргелешип уюштурган Борбордук Азиянын регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) Программасынын Бажы кызматташтыгы боюнча комитетинин (БКК) 24-отуруму болуп өттү.
Отурумду МБКнын төрагасынын орун басары Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна куттуктоо сөзү менен ачып, анын жүрүшүндө төрагалык кылды.
Отурумга БАРЭКке мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. БККнын ишинин жүрүшүндө 2024-2025-жылдарга карата Иш планын ишке ашыруунун негизги маселелери талкууланып, улуттук жана аймактык долбоорлордун жыйынтыктары каралды, ошондой эле аймактагы бажы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кадамдар макулдашылды.
Катышуучулар артыкчылыктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурушту, анын ичинде санариптештирүү жана кагазсыз сооданы өнүктүрүү, аймактык транзиттик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, ошондой эле «жашыл бажы» тармагындагы демилгелер. Бул чаралар бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, туруктуу өнүгүүгө жана аймактагы экономикалык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган.
Мындан тышкары, мүчө-мамлекеттер БАРЭКтин 2030-жылга чейин Комплекстүү соода күн тартибинин максаттарына шайкеш келтирилүүчү келечектеги демилгелерди, анын ичинде соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана улуттук бажы администрацияларынын потенциалын бекемдөө үчүн техникалык жардамды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Отурумдун жыйынтыгында БККнын 2025-2026-жылдарга иш планы бекитилди, мындан аркы кызматташуунун багыттары аныкталды, ошондой эле ККБнын 24-отурумунун резюмеси жана БАРЭКтин Улуттук координаторлордун отурумуна сунуштоо үчүн отчету макулдашылды.
Төрагалык кылган тарап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жалпы максаттарга жетүү үчүн координацияланган аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, заманбап бажы инновациялык, өнөктөштүккө жана туруктуу өнүгүүгө багытталган болушу зарылдыгын баса белгиледи.
Отурумдун соңунда 4-сентябрда катышуучулар үчүн таанышуу сапары уюштурулуп, анын жүрүшүндө делегациялар Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын ишмердүүлүгү, атап айтканда, кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программалары, ошондой эле бажы контролун жана коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногон кинологиялык борбордун иши менен иш жүзүндө тааныша алышты.