Мамлекеттик бажы кызматы Россия Федерациясынын Россия бажы академиясына жана анын филиалдарына кабыл алууга арыз берген талапкерлерге алдын ала конкурстук тандоону өткөрүү даталары жөнүндө маалымдайт
08.06.20260
КУЛАКТАНДЫРУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Россия Федерациясынын Россия бажы академиясына жана анын филиалдарына 2026/2027-окуу жылына кабыл алууга арыз берген талапкерлерге алдын ала конкурстук тандоону өткөрүү даталары жөнүндө маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия бажы академиясына окууга жиберүү боюнча иш-чараларды уюштуруу регламентине ылайык талапкерлер алдын ала тандоонун 2 этабынан өтүшөт:
Биринчи этабы – жазуу тестирлөө.
Талапкерлер үчүн тестирлөө төмөнкү сабактар боюнча орус тилинде жазуу формада өткөрүлөт:
- орус тили (грамматика, текстти окуу жана түшүнүү);
- коом таануу (тест).
Экинчи этап – маектешүү.
Эскертүү: тестирлөөнүн жана маектешүүнүн алдында талапкерлер дене тарбиясы боюнча зачет тапшырышат (дене тарбиясы боюнча ченемдер МБКнын расмий сайтында жайгаштырылган).
Дене тарбиясы боюнча зачет тапшыруунун графиги:
2026-жылы 15-июнь – дене тарбиясы боюнча зачет.
Өткөрүү жери «Адинай» паркынын аймагы, дареги: Бишкек ш., Токтоналиев көчөсүндө (багыт алуу – Гмайнер гимназия мектебинин маңдайында).
Өткөрүү убактысы: саат 09.00 башталат.
Алдын ала каттоо: 8.30
Кийим формасы: спорттук (жанында паспорту (ID-кард), ичкенге суу болууга тийиш.
Дене тарбиясы боюнча зачет тапшыруунун алдында жеңил таңкы тамак МИЛДЕТТҮҮ!
Температурасы 37 жана андан жогору, өзүн начар сезген талапкерлерге дене тарбиясы боюнча зачетко катышууга жол берилбейт.
Конкурстук тандоонун этаптарын өткөрүү графиги:
2026-жылы 16-июнь – жазуу тестирлөө.
Өткөрүү жери: МБКнын борбордук аппаратынын жыйындар залы (дареги: Бишкек ш., Байтик баатыр көч., 4а)
Өткөрүү убактысы: саат 10.00.
Алдын ала каттоо: саат 9.30
Кийим формасы: классикалык – асты кара, үстү ак (жанында паспорту (ID-кард) болууга тийиш).
2026-жылы 17-июнь – маектешүү.
Өткөрүү жери: МБКнын борбордук аппаратынын жыйындар залы (дареги: Бишкек ш., Байтик баатыр көч., 4а)
Өткөрүү убактысы: саат 10.00.
Алдын ала каттоо: саат 9.30
Кийим формасы: классикалык – асты кара, үстү ак (жанында паспорту (ID-кард) болууга тийиш).
Эскертүү: спорттук кийимчен жана спорттук бут кийимчен талапкерлер МБКнын имаратына киргизилбейт.