Мамлекеттик бажы кызматы жарандар арасында кинологиялык кызмат бөлүмдөрүндөгү бош кызмат орундарга сынак жарыялайт
20.04.20261
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кинология кызматынын түзүмдүк бөлүнүштөрүндөгү бош кызмат орундарына сынак жарыялайт:
Кыргыз Республикасынын бажы органдарына кызматка аскердик кызматтан же запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик кызматтан өткөн адамдар дайындалат.
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кинология кызматынын түзүмдүк бөлүнүшүнө талапкерлерге карата квалификациялык талаптар:
- жарандыгы – Кыргыз;
- жашы – 30 жашка чейин;
- билими орто жана/же орто-кесиптик билими;
- Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн же укук коргоо органдарынын катарларында кинолог адиси же кызматтык-издөө иттерин башкаруучу катары кызмат өтөгөндөр;
- иттер менен иштөөгө ыктоо, иттерди багуу жана багуу боюнча билимге жана жөндөмгө ээ болуу;
- жүнгө аллергиянын жоктугу;
- иттерге карата сабырдуу жана оор басырыктуу болуу;
- компьютердик сабаттуулук;
- кызматтык (функционалдык) милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерин билүү;
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын билүү;
- ишти рационалдуу пландоо жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү көндүмү;
- маалыматты чогултуу, талдоо, системага салуу жана жалпылоону билүү;
- критикалык кырдаалда чечим кабыл алууну жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартууну билүү.
Зарыл документтер:
- жеке арыз;
- кадрларды эсепке алуу баракчасы;
- автобиографиялык реферат;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө «Кыргызтест» системасы боюнча сертификат (В1 деңгээли, этностук азчылыктардын өкүлдөрү үчүн - А2 деңгээли);
- паспорт (ID кард), паспорттордун жаңы үлгүлөрүнүн ээлери жашаган жерин көрсөткөн маалымкат беришет (маалымкаттарды “Түндүк” тиркемесинен басып чыгарууга болот);
- талапкердин туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- аты-жөнүн алмаштыргандыгы тууралу күбөлүк (эгерде мурда атын, атасынын атын фамилиясын алмаштырган болсо);
- тиешелүү жогорку билимин, квалификациясын жана атайын билимин ырастаган документтер, ошондой эле окуу мезгилинде алган баалары менен документтердин тиркемелери;
- эмгек китепчеси (биринчи жолу кызматка кирип жаткан жарандардан тышкары);
- аскердик билет (эркек жарандар үчүн);
- үчтөн кем эмес сунуш кат;
- сүрөт 9x12 (1 даана) жана 3x4 (4 даана) кызыл фондо;
- никелешүү тууралуу күбөлүк (эгерде никеде турса);
- никени бузуу тууралуу күбөлүк (эгерде никеси бузулса);
- балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (эгерде балдары болсо);
- жакын туугандарынын паспортторунун көчүрмөлөрү (атасынын, апасынын, аялынын, күйөсүнүн, бир туугандарынын), паспорттордун жаңы үлгүлөрүнүн ээлери жашаган жерин көрсөткөн маалымкат беришет (маалымкаттарды “Түндүк” тиркемесинен басып чыгарууга болот);
- жакын туугандарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (атасынын, апасынын, аялынын, күйөсүнүн, бир туугандарынын);
- өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (жакын туугандары каза болгон учурда);
- аты-жөнүн алмаштыргандыгы тууралу күбөлүк (эгерде мурда атын, атасынын атын фамилиясын алмаштырган болсо);
- жашаган жери боюнча терапевттен амбулатордук картасынан көчүрмө, № 27 форма (аскердик-дарыгердик комиссияга берилет).
Кыргыз Республикасынын “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 6-пунктунун 14-пунктчасына ылайык, талапкер укук коргоо органдарына кызматка кабыл алынбайт же иштей албайт, эгерде талапкердин же кызматкердин жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан топтордун, кылмыштуу коомдоштуктардын, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса.
Арыз жана ага байланыштуу документтер 2026-жылдын 21-апрелинен баштап 29-майын кошкон мезгилде кабыл алынат:
Бишкек ш., Байтик баатыр көчөсү, 4а, 406 каб.
Документтерди кабыл алуу убактысы: саат 10.00-17.00 чейин (дүйшөмбү-жума).
Маалымат үчүн тел.: 0312-510886, 0312-510651 кош. (147).
Эскертүү: жеке документтерди электрондук форматта алуу үчүн мобилдик телефонуңузга “Түндүк” тиркемесин жүктөөнү сунуштайбыз.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!!!
Тапшырылган документтердин тууралыгы жана аныктыгы үчүн
документтерди тапшырган талапкер жоопкерчилик тартат.