Мамлекеттик бажы кызматында ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча ыкчам кеңешме өттү

25.04.20252

2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы А.Салиевдин төрагалыгы алдында кеңейтилген ыкчам кеңешме өттү. Жыйынга бажы органдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө 2025-жылдын биринчи кварталында бажы төлөмдөрү боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыктары талкууланды, салык салынуучу импорттун салмактык жана нарктык көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу талданды, ошондой эле экинчи кварталга жана үстүбүздөгү жылга болжолдор каралды. Пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу менен байланышкан тобокелдиктер жана аларды минималдаштыруу боюнча милдеттер талкууланды.  

Укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы, бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузууларга каршы күрөшүү маселелери жана 2025-жылдын 2-кварталына милдеттери каралды.

Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгында иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы бажы органдарынын ишин канааттандырарлык деп тапты.