Мамлекеттик бажы кызматында кеңейтилген оперативдик кеңешме өттү
24.07.20252
Мамлекеттик бажы кызматында кеңейтилген оперативдик кеңешме өттү
2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында бажы органдарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы А.Салиевдин төрагалыгы алдында кеңейтилген ыкчам кеңешмеси өттү.
Кеңешменин алкагында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу талкууланды:
- 2025-жылдын II кварталынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 33,0 млрд сомду түзүп, план 102%га аткарылган;
- Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында бюджетке 64,1 млрд сом бажы төлөмдөрү түшүп, белгиленген пландан 928,3 млн сомго көп түшкөн.
Ошондой эле III кварталга жана 2025-жылдын аягына чейин каралган божомолдор талданып, киреше пландарынын аткарылышына таасир тийгизүүчү тобокелдиктер жана аларды азайтуу чаралары каралды.
Бажы органдарынын укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары да каралды. 2025-жылдын I жарым жылдыгында бажы мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 4 017 факт аныкталган, анын ичинде:
- административдик укук бузуулар боюнча 3 816 иш козголгон;
- кылмыш белгилери менен тиешелүү органдарга 201 материал өткөрүлгөн.
Отчеттук мезгил ичинде бюджетке түшкөн кошумча каражаттардын жалпы суммасы 499,2 млн сомду түздү.
2025-жылдын I жарым жылдыгында бажы инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер жана 2025-жылдын II жарым жылдыгы менен 2026-жылга карата пландар өзүнчө каралды.
Кеңешменин жыйынтыгында МБКнын төрагасы түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана бажы органдарынын жетекчилерине, ошондой эле «БИ» мамлекеттик ишканасынын башкы директоруна бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Бажы органдарынын иши канааттандыраарлык деп бааланды.