Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ишембиликке чыкты

05.04.20250

2025-жылдын 5-апрелинде Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бишкекте Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери административдик имараттын аймагын тазалоо иштерин жүргүзүштү.

«Манас» бажысы Ата-Түрк паркында жана Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгүндө ишембилик өткөрдү. «Түндүк» темир жол бажысы Т.Фрунзе көчөсүндөгү аймакты, Бишкек ЭЭА бажысы Северная көчөсүндөгү аймакты тазалады. «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери Курманалиев көчөсүн иретке келтиришти.

Аймактарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иштерине Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмдөрү да активдүү катышты. «Ош», «Нарын», «Баткен» жана «Жалал-Абад» бажысынын бажычылары белгиленген аймактарда ишембилик өткөрүштү.