Мамлекеттик бюджетти толтуруу - Мамлекеттик бажы кызматы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды ашыра аткарды

07.04.20250

Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 31,1 млрд сом өлчөмүндө камсыз кылынды. Киреше планы 100,9%га аткарылды же 286,9 млн сомго көп чогултулду.

Мамлекеттик бажы кызматы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууну улантууда.