«Манас» бажысында уюлдук телефондорду декларациялабай алып өтүү фактысы аныкталды

22.09.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Манас» бажысынын кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери биргеликте Евразия Экономикалык Бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты.

“Flydubai” авиакомпаниясынын Дубай - Бишкек каттамы менен учуп келген жүргүнчүлөрдү бажылык контролдон өткөрүү учурунда,  багажды жана кол жүктү кайрадан текшерип кароодо  iPhone 18 Pro Max жана iPhone 18 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефондор табылган.

Табылган уюлдук телефондордун жалпы наркы 3 923 150 сомду түздү.

Жарандын берген түшүндүрмөсүнө ылайык, телефондор Бишкекте сатуу максатында Дубайдан сатылып алынган. Аларды ЕАЭБдин аймагында бажылык тариздөөдөн өткөргөндүгүн тастыктаган документтер болгон эмес. Жаран бажы мыйзамдарын бузгандыгын моюнга алып, тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөөгө даяр экендигин билдирди.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 379-беренесинин 1, 2 жана 3-пункттарына ылайык, иштин бардык жагдайлары аныкталганга чейин уюлдук телефондор алынды.

Аталган факты боюнча материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды каттоо журналына катталып, укуктук баа берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.