МБК декларацияланбаган 15 кг ашык зер буюмдарын аныктады: келтирилген зыяндын орду 2,2 млн сомдон ашык толтурулду

24.11.20260

Бириккен Араб Эмираттарынан жана Кытайдан Кыргыз Республикасына келген чарбалык товарлардын эки партиясынан декларацияланбаган 15 кг ашык зер буюмдары табылды.

Мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан «Түндүк» темир жол бажысынын «Темир жол Бекети» бажылык тариздөө жайында бажылык кароо жүргүзүү учурунда аныкталды.

Дубайдан «Д.Э.» ЖЧКсынын дарегине келген жалпы салмагы 1 391 кг түзгөн чарбалык товарлардын партиясын бажылык текшерүүдө 925-пробадагы күмүштөн жасалган, жалпы салмагы 3,3 кг түзгөн зер буюмдары — шакектер, сөйкөлөр жана чынжырчалар табылган.

Ошондой эле Кытайдан «С.Г.ЛТД» ЖЧКсынын дарегине келген жалпы салмагы 13 050 кг түзгөн чарбалык товарлардын партиясын бажылык кароодо декларацияланбаган 12 кг 427 г зер буюмдары табылган.

Эки учурда тең зер буюмдарын алуучу Г.К.Г. аттуу жаран экени аныкталган. Декларацияланбаган зер буюмдарынын жалпы салмагы 15 кг 727 граммды түздү.

Аныкталган фактылар боюнча материалдар МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 2 208 695 сомду түзүп, толугу менен орду толтурулду.