МБК Korea Customs Week 2026 алкагында бажылык администрациялоонун санариптик чечимдерин изилдеди
06.04.20264
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын делегациясы МБКнын төрагасы Алмаз Салиевдин жетекчилиги алдында, Корея Республикасында өткөн Korea Customs Week 2026 иш-чарасынын алкагында уюштурулган «Глобалдык соода экосистемасын өркүндөтүү» аттуу тегерек столго катышты.
Иш-чарага Азербайжан, Индонезия, Казакстан, Корея, Лаос, Тажикстан, Өзбекстан жана Гонконг атайын административдик районунун бажы кызматтарынын жетекчилери жана эксперттери катышты.
Семинардын жүрүшүндө санариптик соода экосистемасын өнүктүрүү, «бирдиктүү терезе» механизмдерин киргизүү, кагазсыз соодага өтүү, ошондой эле тобокелдиктерди башкарууда жасалма интеллектти жана ири дайындарды талдоону колдонуу маселелери талкууланды.
Катышуучулар Кореянын Бажы кызматынын тажрыйбасы менен таанышып, анын ичинде UNI-PASS санариптик платформасынын иштеши, электрондук декларациялоо жана бажы процесстерин автоматташтыруу боюнча чечимдери тууралуу маалымат алышты.
Талкуулар жана тажрыйба алмашуу кесиптик диалогду кеңейтүүгө жана бажылык администрациялоону өркүндөтүү багытындагы мындан аркы кызматташуунун келечегин аныктоого өбөлгө түздү.



.jpeg)
