МБК коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууда

21.09.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгынын кызматкери Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине «Ар кандай максаттуу топтордун арасында коррупцияга каршы тематика» деген темада лекция өткөрдү.

Иш-чара 2026-2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Лекциянын жүрүшүндө студенттерге коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чаралар, коррупциялык укук бузуулардын укуктук кесепеттери, ошондой эле жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Пара алуу, пара берүү жана башка мыйзамсыз сыйлыктарды алууга жол берилбестигине  өзгөчө көңүл бурулду. Лектор коррупциялык укук бузуулардын кесепеттери жана коррупциялык көрүнүштөргө кайдыгер карабоонун маанилүүлүгү жөнүндө конкреттүү мисалдар менен баяндап берди.

Ошондой эле студенттерге бажы органдарынын ишмердүүлүгү жана Ички иликтөө башкармалыгынын коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуудагы жана аныктоодогу ролу тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кошумча түшүндүрмөлөрдү алышты.