МБК маалыматтык системалардын ишинде убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экенин эскертет

22.09.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылдын 26-сентябрында саат 00:00дөн 08:00гө чейин МБКнын маалыматтык системаларын жаңыртуу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бардык бажы органдарында айрым маалыматтык системалардын жана электрондук сервистердин ишинде кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр жана чектөөлөр болушу мүмкүн экенин маалымдайт.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 26-сентябрынан 29-сентябрына чейин «Манас» бажысында «Смарт Бажы» Улуттук санариптик платформасынын декларациялоо блогун сыноо иретинде пайдаланууга киргизүүнүн алкагында товарларга декларацияларды жаңы маалыматтык система аркылуу бажылык жол-жоболоштурууга өткөрүү жүргүзүлөт.

Аталган мезгилде «Манас» бажысында декларациялоонун жаңы блогун жөндөө жана иштөө процессин тактоо иштерине байланыштуу айрым кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр жана чектөөлөр болушу мүмкүн.

Тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынан товарларга декларацияларды берүүнү пландаштырууда, бажы операцияларын жүргүзүүдө жана МБКнын электрондук сервистерин пайдаланууда ушул маалыматты эске алууну өтүнөбүз.

Убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн болгондугу үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.