МБК металл прокатынын партиясын тариздөөдө мыйзам бузууларды аныктады К.М.Т. (инициалдары өзгөртүлдү)

08.09.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгынын кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КЭРден «Ч.К.М.» ЖЧКсынын дарегине ташылып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактыларын аныктады.

 

Түндүк-чыгыш бажысынын «Кант» БТЖнын башкы инспектору С.Э.Т. жана «Ч.К.М.» ЖЧКсынын өкүлү А.Э.З. КЭРден ташылып келинген металл прокатынын партиясын бажылык тариздөө учурунда бажылык контролду жүргүзүүдө жана товарды чыгарууда мыйзам бузууларга жол беришкен.

 

Товарды туура эмес классификациялоонун натыйжасында бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

 

Тергөө иштеринин жыйынтыгында аталган адамдарга КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып коюлган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан аларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, №1 тергөө абагына киргизилген.

 

Мамлекеттик бажы кызматы мындай фактыларга ырааттуу бөгөт коет жана тышкы экономикалык иштин катышуучулары жана бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө принцибин карманат.