МБК товарларды бажылык тариздөөсүз мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады
12.03.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн контролдук иш-чаралардын жүрүшүндө жооптуу жана убактылуу сактоодо турган товарларды тиешелүү бажы жол-жоболоруна жайгаштырбастан жана милдеттүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, 2025-жылдын сентябрь айында «Ц.Ц.» ЖЧКнын дарегине салмагы 18 350 кг, баасы 64 225 АКШ долларын түзгөн жаактуу майдалагыч (дробилка) жабдуусу келип түшкөн. Классификациялык чечим кабыл алынганга чейин жабдуу Нарын шаарында жооптуу сактоого жайгаштырылган. 2025-жылдын декабрь айында чечим чыгарылганына карабастан, товар ички керектөө үчүн чыгаруу жол-жобосуна жайгаштырылган эмес. Текшерүүнүн жүрүшүндө жабдуу орнотулуп, өндүрүштүк ишмердүүлүктө пайдаланылып жатканы аныкталган. Эсептелген бажы төлөмдөрү 696 363 сомду түзгөн.
Ушундай эле мыйзам бузуулар «Ч.Ю.» ЖЧКсы боюнча да аныкталган. 2025-жылдын август–сентябрь айларында аталган компаниянын дарегине жалпы салмагы 88 789 кг түзгөн 34 аталыштагы товар келип түшкөн. Жооптуу сактоого жайгаштырылган товарлар бажылык тариздөөсүз курулуш иштеринде пайдаланылган. Төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрүнүн суммасы 3 715 607 сомду түздү.
Мындан тышкары, «Д.Д.» ЖЧКсы 2025-жылдын июнь жана сентябрь айларында убактылуу сактоо шартында келген (50 аталыштагы, жалпы салмагы 13 135,5 кг) товарларды курулуш иштеринде пайдаланганы аныкталган. Эсептелген бажы төлөмдөрү 1 293 579 сомду түзгөн.
Бардык учурлар боюнча Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 379-беренесине ылайык тиешелүү актылар жана кармоо протоколдору түзүлгөн. Кодекстин 103-беренесинин 4 жана 5-пункттарына ылайык, убактылуу сактоодо турган товарларды пайдалануу тарифтик жеңилдиктерди колдонбостон, ташып кирүү бажы алымдарын жана салыктарын төлөө милдетин жаратат.
Аталган фактылар боюнча материалдар МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесине 5 705 550 сом өндүрүлдү.
.jpeg)

.png)
.png)
.png)
