МБК Түштүк Кореядан мыйзамсыз ташылып келген төрт автоунааны аныктады
20.08.20260
«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу төрт автотранспорт каражатын мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.
Бажылык текшерип кароо учурунда Корея Республикасынан Кыргыз Республикасындагы алуучулардын дарегине келген контейнердеги автоунаалардын транзиттик декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбестиги аныкталган. Документтерге ылайык, контейнерде KIA K3, KIA Sportage, Hyundai Kona жана Hyundai Sonata автоунаалары болушу керек болчу. Ал эми иш жүзүндө Toyota Camry, Hyundai Sonata, BMW 530 жана Hyundai Palisade автоунаалары табылган.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө товар коштоочу документтерде көрсөтүлгөн автоунаалар буга чейин эле 2025-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасында бажылык тариздөөдөн өткөндүгү аныкталды.
Материалдар андан аркы процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын орду эки эселенген өлчөмдө — 1 430 465 сом өндүрүлдү.


.jpeg)
