МБК УКМК менен биргеликте кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады

08.09.20260

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында КРдин Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын «Ош» бажысынын кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

МБКнын түштүк регион боюнча ички иликтөө бөлүмү менен УКМКнын биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында «БИМИ Ош сервис» БТЖ текшерүү тобунун инспекторлору — «К.У.Т.» жана «Т.А.М.» кармалган.

Тергөө органынын маалыматына ылайык, кызматкерлер тышкы экономикалык иштин айрым катышуучулары менен алдын ала сүйлөшүп алып, материалдык сыйлык үчүн товарларга тийиштүү түрдө бажылык кароону жана текшерип кароону өткөрүшкөн эмес, ошондой эле товарларды туура эмес декларациялоо жолу менен өткөрүп берүүгө көмөк көрсөтүшкөн.

Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

МБК УКМК менен биргеликте иштин бардык жагдайларын жана башка кызмат адамдарынын мүмкүн болгон тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Мамлекеттик бажы кызматы коррупцияга жана кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө боюнча принципиалдуу позицияны карманат.

МБКнын ички контролду өркүндөтүү жана бажы органдарынын кызматкерлеринин арасындагы мыйзам бузууларды аныктоо боюнча иштерди улантууда.