МБК жана JICA өткөрүү пункттарын модернизациялоону талкуулашты

10.04.20260

2026-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматтын борбордук аппаратында төраганын биринчи орун басары Улан Кимсанов Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны Сонояма Юка жетектеди.  

Тараптар өткөрүү пункттарын модернизациялоо, заманбап техникалык көзөмөл каражаттарын киргизүү, бажы процесстерин санариптештирүү жана Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Өткөрүү пункттарын инспекциялык-текшерип кароо комплекстери менен жабдуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.