МБКда эл аралык эксперттер менен санариптик трансформация маселелери боюнча жолугушуу өттү
21.04.20260
2026-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А. Салиевдин Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы менен ишке ашырылып жаткан жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү / Транскаспий транспорттук коридорунун потенциалын өнүктүрүү программасынын» регионалдык жетекчиси Юдит Бланк айым, ошондой эле эл аралык эксперт Джонатан Кох мырза менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бажы кызматынын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды, анын ичинде 2026–2030-жылдарга карата Концепцияны ишке ашыруу, электрондук декларациялоону өнүктүрүү жана бажы процесстерин автоматташтыруу деңгээлин жогорулатуу маселелери каралды.
Ошондой эле «Бирдиктүү терезе» механизминин алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, тобокелдиктерди талдоо, мыйзам бузууларды аныктоо жана бажы операцияларын автоматташтыруу үчүн жасалма интеллект технологияларын колдонуу келечеги да өзүнчө каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары кызматташууга өз ара кызыкдар экендигин тастыкташты. Эл аралык эксперт Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын санариптик трансформациясы алкагында консультациялык колдоо көрсөтүүнү улантат.


.png)

.png)
.png)