МБКда футзал боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү — ардагерлер менен жолугушуу өттү
24.04.20260
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы «Евразия Кубогу» турниринде 1-орунду ээлеген жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардагерлер арасындагы футзал боюнча чемпионатта байгелүү орундарга жетишкен МБКнын ардагерлер командалары менен жолугушту.
Жолугушууга МБКнын жетекчилиги жана жеке курамы катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку спорттук жетишкендиктерге жетишкен ардагерлерге урмат-сый көрсөтүлдү. МБКнын төрагасы спорттун тартипти, командалык духту жана кесиптик туруктуулукту чыңдоодогу маанисин белгилеп, ардагерлер жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле спорттук демилгелерди мындан ары да колдоо улантылары айтылды.
Ардагерлер жетекчиликке көңүл буруу жана колдоо үчүн ыраазычылык билдиришти. Жолугушуунун соңунда алар МБКнын музейине мелдештерде жеңип алынган кубокторду тапшырышты.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы «Алга» спорт комплексинде ардагерлер арасында «Евразия Кубогу» турнири өтүп, анда МБКнын ардагерлер командалары жогорку натыйжаларды көрсөтүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ардагерлер арасындагы футзал боюнча чемпионатында байгелүү орундарды ээлешкен.