МБКнын кадрлар резерви: жакында конкурстук тандоо башталат
25.07.20253
МБКнын кадрлар резерви: жакында конкурстук тандоо башталат
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы бажы органдарындагы бош кызмат орундарын толуктоо үчун кадрлар резервине конкурстук тандоо баштала тургандыгы жөнүндө маалымдайт.
Конкурска квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.
Талапкерлерге коюлган негизги талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
- 35 жашка чейинки курак;
- Жогорку билимдин болушу;
- Башка мамлекеттердин жарандыгынын жоктугу;
- Эркектер үчүн — аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк жагдайлардан улам альтернативдик кызмат өтөгөн болуусу талап кылынат.
Көңүл буруңуз!
Документтерди жана арыздарды кабыл алуунун башталышы боюнча так датасы жакын арада жарыяланат, ошондой эле конкурстук тандоонун тартиби тууралуу толук маалымат Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтына www.customs.kg жайгаштырылат.
Конкурс — бул кесиптик өсүүгө умтулган жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыздаган бажы кызматында иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жарандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк.
Жаңылыктарга бажы кызматынын расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу көз салып туруңуз!